БШК: Шаар башчылары менен айыл өкмөттөрүн шайлоо январдын аягында башталат

aыфсфмgt_109

Шайлоолор 28-январдан 2-февралга чейин бүткүл Кыргызстандын аймагы боюнча өтөт. Бишкек жана Ош шаарларынын, ошондой эле Нарын облусунун жергиликтүү бийлик органдарынын башчыларынын башкаруу мөөнөттөрү аяктай электигине байланыштуу ал жерлерде шайлоолор болбойт.

Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз катчысы Тактоболот Жумалиев Боршайкомдун мүчөлөрү бүгүнкү жыйынында шайлоолор өтө турган күндөрдү белгилешкендигин Kloop.kgге билдирди.

Басма сөз катчынын айтымында, мэрликке жана айыл өкмөтү кызматтарына талапкерлерди көрсөтүү бүгүнтөн башталат.

Кыргызстанда шаарлар менен айыл өкмөттөрүнүн башчылары жалпы добуш берүү аркылуу шайланбайт — аларды жергиликтүү мыйзам чыгаруу органдарынын мүчөлөрү дайындайт.

Жумалиев билдиргендей, өлкө боюнча жалпысынан шаарлар менен айыл өкмөттөрдүн 271 башчысы шайланат.

Бишкек шаарынын мэри 2011-жылы, ал эми Ош шаарынын башчысы 2009-жылы шайланган.

Борбор калаанын башчысы Иса Өмүркуловдун мөөнөтү 2015-жылы аяктайт. Ал 2012-жылы болгон Бишкек шаардык кеңешин шайлоодо көпчүлүк добушка ээ болгон Кыргызстандын Социал-демократтар партиясынан көрсөтүлгөн.

Өмүркулов мэрликке 2008-жылкы «Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзам боюнча дайындалган. Ага ылайык, шаардык кеңештин курамынын алмашкандыгына карабастан шаар башчысы төрт жылга шайланат.

Мэрликке Иса Өмүркулов менен учурдагы вице-мэр Вячеслав Красиенколор талакерлигин коюшкан. Бирок кийинчерээк, Красиенко өз талапкерлигин алып салган.

Анда ал бул чечимин Өмүркуловду колдогондугу менен түшүндүргөн.

Ал шайлоодо шаар башчысын дээрлик бир добуштан колдошкон – ага 40 депутаттын 39у добуш берген.

Жаңы мыйзамга ылайык, шаардын мэри шаардык кеңештин чакырылышынын мөөнөтү аяктаганга чейин шайланат.

Автор: Эльдос Казыбеков

Редактор: Нуржамал Жаныбекова