КТРКнын журналисти көзмө-көз жолугуштурууда ага кол көтөргөн адамды тааныды

aыфсмфмgt_109

Көзмө-көз жолуктурууда Коомдук телерадиокорпорациясынын журналисти Ширин Асанакунова Ата-Түрк сейил багынан кесиптеши экөөнө кол көтөргөн адамды тааныды. Журналисттерге кол салган деп Бишкек шаардык кеңешинин депутатынын иниси шектелүүдө.

Журналист кыз ага «кол салган» адамды дароо эле тааныгандыгын Kloop.kgге билдирди.

«Дал ошонун өзү. Мен аны жакшы таанып калгам», – деди Асанакунова.

Өзүн жаман сезип жаткандыктан ал андан ары комментарий берүүдөн баш тартты.

Анын кесиптеши Бурулай Пусурманкулова шектүүнү аныктап таануу үчүн аны кармалган адам менен экинчи жолу көзмө-көз жолугуштура тургандыктарын билдирди. Айтымында, ал биринчи жолу жолукканда кол салган адамды тааный алган эмес.

«Бизге кол салган учурда ал көз айнекчен жана спорттук кийим кийип жүргөн болчу. Кечээ мага шектүү үч адамды көрсөтүштү, бирок алар көз айнеги жок жана футболка кийип турушкандыктан мен аларды окшоштура алган жокмун. Мен өтүнүч кат жаздым, эми аларды кийиндиришип, кайра көрсөтүшөт», – деди ал Kloop.kgге берген маегинде.

Шектүүнү аныктап таануу үчүн Пусурманкуловага алгач кармалгандарды 8-январь күнү кечинде көрсөтүшкөн.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Бакыт Сейитов учурда шектүү катары кармалган Айдин Кулбаев тергөө абагына камалгандыгын билдирди.

Буга чейин Кулбаевдин бийликчил Социал-демократтар партиясынан Бишкек шаардык кеңешине депутат болуп шайланган Аида Кулбаеванын иниси экендиги белгилүү болгон.

КТРКнын журналисттерине 7-январь күнү, Бишкектин түштүгүндөгү үйлөрдүн электр энергиясы үчүн акы төлөбөгөн жашоочулары тууралуу сюжет тартып жүргөн маалда кол салынган.

Анда журналисттерге кол көтөргөн адам унаасына отуруп качып кеткен.

Бишкек шаардык кеңешин шайлоодо теледебаттарды алып барган Асанакунова башына 8-9 жолу сокку жегенин, алардын экөөсү микрофон менен урулгандыгын айтты.

Анын кесиптешин эки же үч жолу урган.

«Кесиптешимди эки же үч жолу урду, анын колунан микрофонду тартып алып, экиге бөлүп салды. Анан мага келип: сен дагы жогол! деди» — деп айтты Асанакунова Kloop.kgге берген маегинде.

Журналисттерге кол салуу боюнча ишти Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев өз көзөмөлүнө алган.

Автор: Мария Гребнева

Сүрөт Асанакунованын «Фэйсбуктагы» баракчасынан алынды