Массалык мушташка катышкан кытай жумушчулары Ошко жеткирилди

aыфсфмgt_109

Ош облусунун Куршаб айылында жергиликтүү тургундар менен болгон массалык мушташка катышкан Кытайдын 60 жараны коопсуздук үчүн Ошко жеткирилди. Эки өлкөнүн жарандарынын ортосундагы жаңжал кытайлыктардын биринин мобилдик телефону жоголуп кеткенде кийип башталган.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңишбек Ашырбаев Kloop.kgге кытай жумушчуларынын Ошко алынып кеткендигин ырастады.

Ал учурда Ош шаарына 60 кытай жумушчусу жеткирилгендигин билдирди.

«Бүгүн Кытай жарандарынын коопсуздугун сактоо максатында 60 кытайлык Ош шаарына жеткирилди. Алар тергөө иштери аяктаганга чейин Ошто болушат», — деди Ашырбаев

Ашырбаевдин айтымында, учурда Куршабда иштеген калган 20 кытайлык көрсөтмө берип жаткандыктан түштүк борборго жеткирилген жок.

«Тергөө тобу жетишпей жатат, анткени сурак берип жаткандар өтө эле көп», — деп түшүндүрдү Ашырбаев.

Кытай менен Кыргызстандын жарандарынын ортосундагы массалык мушташ 8-январда кытайлыктардан турган топ мобилдик телефон уурдаган деген шек менен эки кыргызстандыкты кармап кеткенде башталган.

Кыргызстандыктар кытай жумушчулары жашап турган кафенин имаратына камалышкан.

Массалык мушташ

Милициянын версиясына ылайык, бир топтон кийин кармалгандар ата-энелерине телефон чалып, чакырышкан. Андан кийин кайлыктар ал жерге барган кыргызстандыктардын ата-энелерин да сабап, камап салышкан.

Бул массалык мушташка алып келген — мекендештерин алып чыгууга аракет кылып жүздөн ашык жергиликтүү тургун кафеге кол салган.

Ал маалда анда Кытайдын канча жараны бар болгондугу белгисиз.

Жалпысынан массалык мушташтан эки өлкөнүн 20 жараны жана 4 кыргыз милициясы жаракат алган.

Алардын 18и ооруканага жаткырылды.

Куршабда Кытайдын жарандары электр линияларынын курулушунда иштешет.

Массалык мушташ фактысы боюнча «Мыйзамсыз эркинен ажыратуу», «Массалык башаламандык», «Бейбаштык» жана «Бийлик өкүлдөрүнө карата күч колдонуу» беренелери менен кылмыш иши козголду.

Автор: Нуржамал Жаныбекова

Сүрөт «Азаттык» радиосунун сайтынан алынды