Баткен: Өзбек анклавын айланып өтө турган унаа жолду оңдоо иштери башталды

дмфвжлтжомд10491

Баткен облусунун жашоочуларынын талабы менен Сох анклавын айланып өтө турган унаа жолу оңдоло баштады. Оңдоо иштери Кыргызстандын 30 жараны барымтага алынган анклавдагы жаңжалдан кийин башталган.

Кадамжай районунун акиминин биринчи орун басары Жаныбек Исаков Kloop.kgге берген маегинде Айдаркен жана Божой айылдарын байланыштырып турган өтмө жолду тазалоо иштери 11-январда башталгандыгын билдирди.

“Бүгүн Айдаркен - Божой унаа жолун тазалоо, оңдоо, кээ бир аймактарын кайрадан куруу иштерин баштадык”, — деди Исаков.

Азыркыга чейин Баткен облусунун батышы менен чыгышын байланыштырып турган жалгыз жол Сох өзбек анклавы аркылуу өтүп келет.

6-январда анклавдын чегинде Хушяр өзбек айылынын жашоочулары менен кыргыз чек арачыларынын ортосунда жаңжал чыкканда, биринчи кезекте Сох аркылуу өтүп бара жаткан кыргыз жүргүнчүлөрү жабыркашкан. Алардын бир бөлүгү Өзбекстандын жарандары тарабынан барымтага алынган 30 кыргызстандыктын катарында болушкан.

Ошондой эле жаңжалдан кийин Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасы жабылган, бул өз кезегинде жарандардын облус аймагы боюнча жылып жүрүүсүн оорлотуп, Баткен шаарындагы митингтин чыгуусуна алып келген.

Анда митингке чыккан Кадамжай районунун жашоочулары облус аймагы боюнча эркин жылып жүрүүгө шарттардын түзүлүшүн талап кылышкан.

Анклавды айланып өтө турган жол жараксыз абалда

Акимдин орун басары Жаныбек Исаковдун айтымында, митингдер Сох анклавынын жанындагы айылдарда да уланып жатат.

“Үч күндөн бери Келечек айылына 100дөй киши чогулуп жатат — Баткен районунун Сохбент, Каз, Чарбак айылдарынын жашоочулары чек араларды тактоо маселесинин тездетилишин талап кылып жатышат”, — деди Исаков.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Курманбек Мырзаматов Сох анклавын айланып өтө турган унаа жолун оңдоо маселеси “өкмөттүк деңгээлде” чечилип жаткандыгын айтты.

Айдаркен — Божой унаа жолу союз маалында эле курулган, бирок Сох аркылуу өтүү жакыныраак болгондуктан колдонулбай келген.

Натыйжада унаа жолу жараксыз абалга келген.

Өкмөт тарбынан жолдун курулушу боюнча маселе 2010-жылы каралып, аны тазалап оңдоо үчүн республикалык бюджеттен каражат бөлүү пландалган болчу, бирок оңдоо иштери башталган эмес.

Автор: Нуржамал Жаныбекова