КТРКнын журналисттерин «сабаган» адам эки ай тергөө абагында камакта болот

дмфвжомд10491

Октябрь райондук соту Коомдук телерадиокорпорациясынын журналисттерине кол салган деген шек менен кармалган Айдин Кулбаевди тергөө абагына мартка чейин камоо чечимин чыгарды. Ал шаардык кеңештин депутаты Аида Кулбаеванын иниси. Жактоочусу бул чечим боюнча жогорку инстанциядагы сотко даттануу ниетинде.

Шектүү Айдин Кулбаевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов ал жактоого алган адамдын күнөөсү жок деп эсептеп, журналисттер кол салууну «апыртып» жиберишкен деп билдирди.

«Ширин Асанакунова беттештирүү маалында аны 6-7 жолу башка ургандыгын, жерге жыгылып калып Кулбаевдин жанынан жөрмөлөп кетүүгө мажбур болгондугун айткан. Сапаты өтө начар болгону менен видео көзөмөл камерасында эч кимдин жыгылбагандыгы көрүнүп турат», – деди Айткулов Kloop.kgге берген маегинде.

Ал Коомдук телерадиокорпорациясы бул окуя менен өзүн пиар кылгысы келип жатат деп эсептейт.

«Бул КТРК үчүн реклама, а Кулбаевдин тагдыры аларды кызыктырбайт», – деп билдирди Айткулов.

Жабыркаган журналисттердин бири Ширин Асанакунова Kloop.kgге берген маегинде жабыр тарткандар кол салууну «апыртып» жиберишкен деген Айткуловдун сөздөрүн четке какты.

«Икрамидин Айткулов ал жерде болгон эмес, ошондуктан ал тигиндей же мындай болгон деп айта албайт. Бардыгы ал айткандай болгон эмес», – деди Асанакунова.

Жабырланган экинчи журналист Бурулай Пусурманкулова да кесиптешинин пикирин колдоду.

КТРКнын журналисттерине 7-январь күнү, Бишкектин түштүгүндөгү үйлөрдүн электр энергиясы үчүн акы төлөбөгөн жашоочулары тууралуу сюжет тартып жүргөн маалда кол салынган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Кулбаев журналисттерди «сабагандан» кийин унаасына отуруп качып кеткен.

Бишкек шаардык кеңешин шайлоодо теледебаттарды алып барган Асанакунова башына 8-9 жолу сокку жегенин, алардын экөөсү микрофон менен урулгандыгын билдирген.

Кулбаев анын кесиптешин эки же үч жолу урган.

Автор: Мария Гребнева