Сох анклавындагы жаңжал: Ооруканага жаткырылган кыргызстандыктардын саны көбөйдү

aыффмgt_109

10-январда Сох анклавында Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандарынын ортосундагы жаңжалда жарат алган дагы бир адам ооруканага жаткырылды. Буга чейин ооруканага 10 кыргызстандык жаткырылган болчу.

Учурда ооруканага жаткырылгандардын акыркысы Кадамжай райондук ооруканасында, деп билдирди өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Маматжан Бердишев.

Ал ооруканага жаңы жаткырылган жаран кандай абалда экендигин билбейт.

Комментарий алуу үчүн Кадамжай райондук ооруканасы жеткиликсиз болууда.

Жаңжал маалында жабыр тарткандардын калган ону Баткен облустук ооруканасына жаткырылган. Алардын арасында барымтадан бошотуулган 8 адам жана «ур токмокко алынган» кыргыз чек арачысы менен милиция кызматкери бар.

Баткен облустук ооруканасынын директору Тургунбай Айжигитовдун айтымында, беш кишинин баш сөөгү жабыркап, калганынын денелери көгөрүп жеңил жараттарды алышкан.

Ал жабыр тарткандардын бир нечесинин абалы жакшыргандыгын жана жакынкы күндөрү алар ооруканадан чыгаарын айтты.

«Абалдары жакшыраак болуп калган төрт оорулууну бир аптадан кийин чыгарабыз», – деди Айжигитов.

Сох анклавындагы жаңжал

Сох анклавындагы жаңжал 6-январь күнү күндүз, Хушяр өзбек айылынын жашоочулары менен кыргыз чек арачыларынын ортосундагы кагылыштан улам башталган.

Анын чыгышына кыргыз чек ара заставасына электр тогун жеткирүүгө Хушяр өзбек айылынын жашоочуларынын нааразы болушу себеп болгон.

«Өзбекстандын жарандары бардыгын талкалай башташты. Ал жерге биздин аймактык милиционер келип, алардын бул аракеттери мыйзамга ылайык келбей тургандыгын айтып түшүндүрдү, бирок алар милиционерди сабап салышты. Бир унааны талкалап, Кыргыз Республикасынын аскерлерине да кол салуулар болду», — деди өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Маматжан Бердишев Kloop.kgге берген маегинде.

Көп өтпөй Хушяр айылынын жашооочулары 30 кыргызстандыкты барымтага алып алышкан.

Алардын 14ү — аялдар менен балдар — ошол эле түнү бошотулган, калган 16 киши Кыргызстанга бир суткадан кийин — 7-январда сүйлөшүүлөрдөн кийин — өзбек укук коргоо органдарынын жардамы менен кайтып келишкен.

Авторлор: Мария Гребнева, Алмаз Жапаркулов жана Эргеш Айдаралиев

Редактор: Алексей Ким