Жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгы айыптар үчүн алынган каражаттын бир бөлүгүн өздөрүнө калтырууну талап кылууда

tashiev-10491

Жол кыймылын көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын жетекчилиги жол эрежелерин бузгандыгы үчүн айып катары алынган каражаттын төрттөн бирин башкармалыктын өзүндө калтырууну каалап жатат — айтымдарында, ал каражаттар ички керектөөлөр үчүн зарыл. ИИМ алардын бул сунушун жакшылап карап чыгууну убадалады. Демилге боюнча айдоочулар түрдүү пикирлерин билдиришти.

Жол кыймылын көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын башчысы Талантбек Исаев Kloop.kgге берген маегинде ал каражаттар башкармалыктын имаратын оңдоо жана мекеменин башка керектөөлөрү үчүн зарыл экендигин айтты.

«Башкармалыкта көйгөйлөр өтө көп. МАИнин имараты 15 жылдан бери оңдоодон өтө элек [...]. Учурда тескөөчүлөрдү күйүүчү май жана форма менен камсыз кылуу өтө начар абалда», – деди Исаев.

Башкармалыкта унаалар, рациялар жана фото-видео аныктагычтары бар радарлар жетишпейт, деп кошумчалады ал.

Исаев түшүндүргөндөй, буга чейин башкармалыкта мамлекеттин эсебинен кызматкерлерди форма жана күйүүчү май менен камсыз кылып турган чарбалык-эсептик структура бар болгон. Бирок 2009-жылы ал жоюлуп, эми башкармалыктын кызматкерлери өз каражаттарына форма менен күйүүчү майды сатып алып, унааларын оңдотууга мажбур болушууда.

Ал айыптан түшкөн каражаттын төрттөн бир бөлүгүн башкармалыкта калтыруу сунушу менен Ички иштер министрлигине кайрылгандыгын билдирди.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы бул маселени кароого коюп, ал талкуудан өткөндөн кийин чечим кабыл алынаарын билдирди. Мекеме кызматкери маселе качан каралаарын так айтып бере алган жок.

Учурда айып катары чогулган каражаттын бардыгы түздөн-түз мамлекеттин бюджетине түшөт.

Унаа ээлеринин пикирлери

Айдоочу Олег эгер башкармалыкка калтырылган каражат туура пайдаланылса демилгени колдой тургандыгын айтты.

«Менин оюмча, эгер ал каражаттар чын эле унааларды, жабдууларды сатып алууга жумшалса туура. Бирок башкармалыктын кызматкерлери ал акчаны өз чөнтөгүнө салып албайт деп ким кепилдик берет», – дейт ал.

Аты-жөнүн билдиргиси келбеген такси айдоочусу демилге башкармалыкка оң таасирин тийгизет деп эсептейт.

«Бул туура, анткени мамлекет Жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгына көп каражат бөлбөйт. Унаа тетиктеринин өтө кымбат экендигин билем», – деди ал.

Унаа ээси Руслан такси айдоочусунун пикири менен кмакул.

«Менин оюмча, бул туура. Анткени жолдордо инспекторлор керек, тартип болот. Алардын унаалары жүрүп турушу керек да», – деп эсептейт ал.

Автор: Нуржамал Жаныбекова

Сүрөттүн автору: Озод Сидиков