Кыргызстан 16 жаштагы жарандарына бекер паспорт бере баштады

aыфмgt_109

Бишкекте алгачкы бекер паспорттор 11-январда берилди, ал эми өлкөнүн башка аймактарында берүү бир аптанын аралыгында башталат. Кыргызстандын 16 жашка толгон жарандары  өздүгүн аныктаган документтерди 2014-жылга чейин бекер алышат.

Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз катчысы Токон Молдакулов Kloop.kgге берген маегинде паспорттор документти алгачкы жолу алып жаткан жарандарга гана бекер берилээрин билдирди. Айтымында, буга чейин алган паспортун жоготкон жарандарга жаңысын акча төлөп алууга туура келет.

«Паспортторго жумшала турган чыгымдын бардыгын Мамлекеттик каттоо кызматы өз моюнуна алды, каражат бюджеттен алынбайт», – деп белгиледи ал.

Молдакуловдун айтымында, учурда паспорт алууга болжол менен эки миң сомдой каражат кетет. Бирок анын баасы документти даярдоонун мөөнөтүн тездетүүгө байланыштуу бир аз өзгөрүшү мүмкүн.

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча, бир жылда алгачкы паспортун Кыргызстандын 114 миңдей жаш жараны алат.

Басма сөз катчы кошумчалагандай, долбоор пилоттук болгондуктан паспорт 16 жашка толгон жарандарга 2014-жылга чейин гана бекер берилет. Документтерди бекер берүү андан ары улантылабы-жокпу аны өкмөт чечет.

Жарандардын өздүгүн аныктай турган документтер мамлекеттик «Инфоком» ишканасы тарабынан берилет.

«Инфоком» ишканасынын техникалык маселелер боюнча директорунун орун басары Павел Ондрин республика боюнча массалык түрдө паспорт берүү бир аптанын аралыгында башталаарын айтты.

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев өкмөттүн бекер паспортторду берүү жөнүндөгү токтомуна 2012-жылдын 31-декабрында кол койгон.

Автор: Нуржамал Жаныбекова