Ош: Милициянын чиновнигин өлтүргөн адамдын фотороботу түзүлдү

aыфмgt_109

ИИМдин түштүк аймагы боюнча уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын бөлүм башчысы Толкунбек Шоноевди 11-январь күнү кечинде атып кетишкен. Милиция окуянын күбөлөрү менен иш алып барууда.

ИИМдин түштүк аймагы боюнча уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын бөлүм башчысына куралду кол салуу фактысы боюнча «адам өлтүрүү» жана «аскер, укук коргоо органдарынын кызматкерин өлтүрүү» беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Kloop.kgге Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын тескөөчүсү Эрнис Осмонбаев билдирди.

Осмонбаевдин айтымында, учурда тергөө иштери уланып, кылмыштын себептери аныкталууда.

«Кылмыштын бетин ачуу максатында ыкчам-тергөө тобу түзүлдү. Бул иш боюнча тергөөгө ыкчам топтун бардыгы тартылды», — деди басма сөз кызматынын тескөөчүсү.

Ал далил катары окуя болгон жерден болжолдуу түрдө Макаров үлгүсүндөгү тапанчанын 5 гильзасы алынгандыгын айтты.

Атылган октон улам Шоноев беш жеринен жаракат алган: төрт ок көкүрөк клеткасына жана дагы бири моюнуна тийген.

Осмонбаев кылмышкердин фотороботу түзүлүп, учурда окуянын күбөлөрүн сурамжылоо иштери жүрүп жаткандыгын кошумчалады.

«Алар сырткы келбети азиатка окшогон эки адам болгон», – деди ал.

[pullquote]aыфgt_109[/pullquote]

Болжол менен шектүүлөрдүн бири 20-25 жаштардагы, кара тору, бет түзүлүшү сүйрү келген, бою 165-170 см жеткен адам. Экинчиси — болжол менен 30 жаштагы, бушлат кийген дене түзүлүшү чымыр киши, деп жазылган ИИМдин сайтында.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын буйругу менен Ош ИИБси менен Кара-Суу РИИБсинин кызматкерлеринен турган ыкчам-тергөө тобу түзүлдү, – деп жазылган Кыргызстандын өкмөтүнүн сайтында.

Милиция шаарды тегерете блок-постторду койду.

Кылмышты тергөө өлкөнүн премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиевдин жеке көзөмөлүнө алынды.

«Уюшка кылмыштуу топтун курмандыгы»

Саясий талдоочу Токтогул Какчекеев Шоноев уюшкан кылмыштуу топтун курмандыгы болду деп эсептейт.

«Бул алдын ала пландалган өлтүрүү», – деди ал Kloop.kgге берген маегинде.

Какчекеев Шоноевди өлтүрүү буйругун баңгизатын ташууга тиешеси бар адамдар бериши мүмкүн деп болжолдоду.

Саясий талдоочу Марат Казакбаев Какчекеевдин бул буйрутма өлтүрүү болгон деген пикири менен макул.

Ал бул окуяны ИИМ менен бийликтегилер үчүн «коркунучтуу сигнал» деп атады.

«Учурда өлкө боюнча кырдаал өтө кыйын, чараларды көрүү керек», — деди Казакпаев.

ИИМдин маалыматы боюнча, Толкунбек Шоноев 11-январь күнү саат 19:30 да, Ош шаарынын «Ак-Тилек» кичи районунда өзүнүн унаасында өлтүрүлгөн.

Ал 35 жашта болчу, артында жубайы жана төрт баласы калды.

Автор: Мария Гребнева

Сүрөт ИИМдин расмий сайтынан алынды