Бишкек мэриясы Отунбаеванын уулу орноткон жарык берүү жабдууларын алууну көздөп жатат

5-02-2012_many_kirдлэgyz__1000_100_200_elyor_nematov_kloop_bishkek_kirgyzstan-11

Экс-президент Роза Отунбаеванын уулу Атай Садыбакасов орноткон Бишкектин Жаш гвардия гүлбагындагы жарык берүү жабдуулары «техникалык нормалар сакталбагандыктан» кайра алынат, деп билдиришти мэриядан. Садыбакасов аларды шаар бийлигинин нормалары боюнча кайрадан орнотуп чыгууга даяр экендигин айтууда.

Садыбакасов 2012-жылдын соңунда өз эсебинен Жаш гвардия гүлбагына 30 миң сомдук жарык берүү жабыдууларын орноткон.

Мэрия аларды орнотуу маалында техникалык нормалар сакталган эмес деп эсептеп, экс-президенттин уулу орноткон жабдууларды кайрадан алып салууну көздөөдө.

Мэриянын басма сөз кызматынан жаңы прожекторлорго тартылган зымдар коопсуздук эрежелери талап кылгандай жер асты аркылуу эмес «аба аркылуу» тартылгандыгын билдиришти.

Садыбакасов жалпысынан гүлбактын ортосундагы жолдорго жарык берген 16 жана эстеликтерди жарыктандырып турган алты прожектор орноткон.

Мэриянын басма сөз кызматы ал объектилердин кайсынысы алына тургандыгын тактап айтып бере алган жок — бул маселе 15-январга белгиленген Садыбакасов менен баш калаанын вице-мэри Вячеслав Красиенконун жолугушуусунда чечилет.

Красиенко эстеликтерди жарыктандырууда алар «оюлуп» калган деп Отунбаеванын уулун айыптады.

Садыбакасов Kloop.kgге берген маегинде эстеликтердин пайдубалдары гана тешилип, жогору жактары бузулбагандыгын айтты.

Жергиликтүү бийлик ошондой эле Экинчи дүйнөлүк согуштун баатырлары Дүйшөнкул Шопоков менен Николай Ананьевдин эстеликтериндеги жарыктандыруунун «көркөмсүздүгү» шек туудуруп жаткандыгын билдирүүдө.

Садыбакасов өз кезегинде Жаш Гвардия гүлбагындагы жарык берүү жабдууларын мэриянын талаптарына жараша кайрадан жасап чыгууга даяр экендигин билдирди.

Буга чейин ал өзүнүн «Фэйсбук» социалдык тармагындагы баракчасына шаар бийлигинин жарык берүү жабдуулары тиешелүү документтерсиз орнотулган деген дооматтары бар экендигин жазган.

«Жарык берүүчү жабдууларды кайра алууга туура келет, анткени тиешелүү уруксат бере турган документтерсиз, техникалык коопсуздуктар сакталбай орнотулган, ошондой эле ылайыктуу көрүнүшкө дагы ээ эмес», — деп жазылган анда.

Пайдалуу жарык диоддор

Садыбакасов орнотулган жабдуулардын сапатына жеке компания жооп берээрин билдирген.

«Орнотуунун коопсуздугу менен сапатына орноткондон кийин өлкөнүн башкы балатысы кулап калган шаардык кызматтардан айырмаланып кардарларынын алдындагы бедели үчүн кам көргөн жалданма жеке уюм жооп берет», — деп жазылган экс-президенттин уулунун баракчасында.

Садыбакасов эстеликтердеги прожекторлор «көркөмсүз» көрүнүп жатат деген пикир менен макул эмес.

Активист буга чейин Жаш Гвардия гүлбагына жөнөкөй лампаларды эмес, жарык диоддору бар прожекторлорду орнотуп кандай жакшы жетишкендиктерге жетишкендигин билдирген.

«Шаар үчүн электр энергиясын алты эсе үнөмдөө, 99%га жарыктандыруу, электр лампаларын алуу жана алмаштыруудагы үнөмдөө — жарык диод эң аз дегенде беш жыл кызмат кылат, мындай райондордо кылмыштуулуктун азая тургандыгы шексиз, сейилдөөгө чыккан шаардыктардын маанайлары да жакшы болот», — деген Садыбакасов.

Бирок юрист Нурбек Токтакунов Kloop.kgге берген маегинде катардагы жашоочу шаардын инфраструктурасын бийликтегилердин уруксаты менен гана өзгөртө алаарын айткан. Ал аны менен катар жашоочунун тиешелүү документтери дагы болушу керектигин кошумчалаган.

Садыбакасов өткөн жылдын апрелинде борборду жакшыртуу боюнча акция өткөргөн — анда ал өз каражатына асфальт сатып алып, Бишкектин борбордук көчөлөрүндөгү 100 чуңкурду бүтөгөн. Шаар бийлиги анда да аткарылган иштин сапатына ыраазы болгон эмес.

Автор: Зарема Султанбекова

Сүрөт Садыбакасовдун «Фэйсбуктагы» баракчасынан алынды