БШК таластык депутаттардын документтерин даярдоого «физикалык жактан» жетишпей жатат

5-02-2012_many_kirgyz_som_5000_1000_100_200_elyor_nematov_kloop_bishkek_kirgyzstan-11

Талас облусундагы Кара-Буура районунун айылдык кеңештеринин эл өкүлдөрү шайлоодон бери дээрлик эки ай өткөнүнө карабастан депутаттык документтер менен төш белгилер бериле электигин айтып, даттанып жатышат. БШК аларды даярдоого физикалык жактан жетишпей жаткандыгын билдирүүдө.

Кара-Буура районундагы Чолпонбаев айыл округунун депутаты Аман Асыранкулов кесиптештери менен бирге депутаттык ыйгарым укуктарын күбөлөндүрчү мандаттар менен төш белгилери жок болгондуктан ишке кирише албай жаткандыктарын Kloop.kg билдирди.

«Мандат жок биз депутат экенибизди шайлоочуларга түшүндүрө албайбыз. Эч нерсе кыла албайбыз», — деди Асыранкулов.

Анын Аманбаев айылдык округундагы кесиптеши Жыпарбек Тойчубеков дагы шайлоолордун өткөн жылдын ноябрында эле болгондугуна карабастан алардын депутаттык статустарын ырастай турган документтердин бериле электигине нааразычылыгын билдирди.

«Биз чындыгында депутаттык статусту алганбыз, бирок аны күбөлөндүрүүчү документтер жок. Шайлоочулар менен жолукканда аларга эмнени көрсөтөм, токтомдубу?» — деп нааразычылыгын билдирди ал.

Кара-Буура райондук шайлоо комиссиясынын басма сөз катчысы Сейнем Коконбаев Kloop.kgге берген маегинде Боршайкомдон мандаттар менен төш белгилер келе электигин, ошондуктан алар депутаттарга да тапшырыла электигин айтып, түшүндүрдү.

Анын айтымында, ал документтер үчүн акча 24-декабрда эле жөнөтүлгөн.

«Эч ким ала элек, күтүп жатабыз», – деди Коконбаев.

Борбордук шайлоо комиссиясынан Kloop.kgге алар мандаттар менен төш белгилерди даярдоого «физикалык жактан» жетишпей жаткандыктарын билдиришти.

«Ар биринин [депутаттын] жекече атын, фамилиясын, атасынын атын билип, сүрөттөрүн чогултуп анан даярдаш керек – бул бир топ убакытты талап кылат», – деп түшүндүрдү БШК өкүлү.

Боршайкомдун юристи Мырзабек Аргынбаев эл өкүлдөрү депутаттык документтери жана төш белгилери жок эле өз милдеттерин аткарууга киришсе болоорун айтып, түшүндүрдү.

Депутаттык мандат – бул депутаттын ыйгарым укугун күбөлөндүрө турган документ. Кыргызстанда шаардык жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 2012-жылдын ноябрында өткөн.

Автор: Ольга Барвинская

Редактор: Алексей Ким