Футзал: «Дордой» алматылык «Кайрат» менен болгон эки мелдешинде тең жеңилип калды

футзалgt_109

Футзал боюнча Казакстандын биринчилигине катышып жаткан Кыргызстандын жападан жалгыз командасы «Дордой» мелдештин лидери – алматылык «Кайрат» менен болгон эки беттешинде тең жеңилип калды. Бишкек командасы мелдештеги он команданын ичинен 8-орунда турат.

Эки беттештен турган оюнда «Дордой» «Кайратка» алгач 0:6, кийинкисинде 1:7 эсебинде жеңилип калды.

Оюндар 11чи жана 12-январь күндөрү Бишкекте өттү.

Алардын биринчисинде «Кайрат» алты топтун төртүн биринчи бөлүктө эле киргизүүгө үлгүргөн.

Экинчи беттеш таптакыр башка темпте башталды — «Кайрат» 3чү мүнөттө оюн эсебин ачты, бирок «Дордой» эсепти 13чү мүнөттө теңей алды.

Тилекке каршы бул бишкектик командага жардам берген жок — ага мелдештин лидери дагы алты топ киргизип жооп кайтарды.

«Дордойдун» капитаны Нуржан Жетибаевдин айтымында, «Кайрат» — күчтүү команда жана катачылыктарды кечирбейт.

«Биз «Кайратка» караганда физикалык жактан анча даяр эмес болуп калдык, ошондуктан кээ бир учурларды ишке ашыра албай калдык», — деди Жетибаев оюндан кийин.

«Дордой» — футзал боюнча Казакстандын биринчилигине катышып жаткан Кыргызстандын жападан жалгыз командасы.

«Дордой» менен «Кайраттын» беттеши бишкектик клуб үчүн сезондогу экинчи айлампанын ачылышы болду.

Жалпысынан мелдешке 10 клуб катышып жатат, алар бир айлампада бири-бири менен эки жолудан беттешишет.

«Дордой» 20 беттештен кийин 16 упайы менен 8 орунда келе жатат. Сезондун башталышы менен бишкектик команда 5 гана жолу жеңишке жеткен.

«Кайрат» «Дордой» менен болгон беттешинде жеңишке жетип, мелдештин лидерлигиндеги ордун бекемдеди, ал экинчи орунда келе жаткан «БТА Футзал» командасынан 7 упайга алдыга озуп чыкты.

«Дордой» 31-январь жана 1-февраль күндөрү Тараз шаарында өтө турган кийинки айлампада жергиликтүү «СКА Юг» командасы менен беттешет.

Автор: Гүлжан Турдубаева