Милиция чиновнигин өлтүрдү деп шектелген адам кармалды

aыфмgt_109

Атайын кызматтагылар 11-январь күнү кечинде атылган ИИМдин түштүк аймагы боюнча уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын бөлүм башчысы Толкунбек Шоноевди өлтүргөн деп шектелген адамды кармашты.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы шектүү адам 13-январда - милиция чиновниги өлтүрүлгөндөн эки күн өткөндө - кармалгандыгын билдирди.

Атайын кызматтагылардын маалыматы боюнча, кармалган адам буга чейин да бир нече жолу сот жообуна тартылган, анын ичинде мыйзамсыз курал сактоо беренеси боюнча да камакка алынган учуру бар.

Азырынча шектүү адамды кармоого эмне себеп болгону белгисиз.

«К.Ж. (кармалган адамдын аты-жөнү билдирилбей эле) полковник Т.Шоноевди өлтүргөн деп шектелип жаткандардын эң негизгиси», — деп жазылган УКМК таркаткан пресс-релизде.

Кармалган адам УКМКнын тергөө абагына камалды, атайын кызматтагылар аны кылмыш болгон Ош шаарына которуу маселесин карап жатышат.

Милициянын чиновнигине куралдуу кол салуу 11-январь күнү кечинде Ош шаарында болгон. Шоноев беш жеринен жаракат алган: төрт ок көкүрөк клеткасына жана дагы бири моюнуна тийген.

Далил катары окуя болгон жерден болжолдуу түрдө Макаров үлгүсүндөгү тапанчанын 5 гильзасы алынган.

ИИМдин полковнигинин өлтүрүлүшүнүн себептери азырынча белгисиз.

Милиция шектүүлөрдүн фотороботторун түзүүгө жетишкен. ИИМдин басма сөз катчысынын айтымында, окуя орун алган жерде «сырткы келбети азиатка окшогон эки адам болгон».

Болжол менен шектүүлөрдүн бири 20-25 жаштардагы, кара тору, бет түзүлүшү сүйрү келген, бою 165-170 см жеткен адам. Экинчиси — болжол менен 30 жаштагы, бушлат кийген дене түзүлүшү чымыр киши, деп жазылган ИИМдин сайтында.

Шоноев 35 жашта болчу, артында жубайы жана төрт баласы калды.

Автор: Эльдияр Арыкбаев