Түлеев УКМКнын тергөө абагынан ооруканага которулду

5-02-2012_many_kirдлэz__1000_100_200_elyor_nematov_kloop_bishkek_kirgyzstan-11

Парламент депутаты жана Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеев 14-декабрда — анын иши боюнча кезектеги сот жыйыны боло турган күнү — ооруканага жаткырылды. Мурунку калаа башчысынын дарты белгисиз. УКМК анын абалы тууралуу комментарий берүүдөн баш тартып жатат.

Түлеевдин жактоочусу Султан Баратов Kloop.kgге берген маегинде билдиргендей, ал жактоого алган депутаттын кайсы оору менен ооруп жаткандыгын билбейт. Айтымында, аны экс-мэр жаткан ооруканага киргизбей коюшкан.

«Аны дарылап жаткан дарыгер ордунда жок экен, кароолдогулар киргизбей коюшту. Мен аны менен жолуга алган жокмун, анын абалы кандай экенин да билбейм», – деди Баратов.

Жактоочу Түлеевдин ден соолугунун абалын билүү үчүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине расмий сурам жөнөтүүнү көздөп жаткандыгын кошумчалады.

УКМКнын басма сөз кызматы мурунку шаар башчысынын абалы тууралуу комментарий берүүдөн баш тартты.

Бүгүн Түлеевдин иши боюнча кезектеги угуу болушу керек болчу, бирок депутаттын ооруканага жаткырылгандыгына байланыштуу белгисиз мөөнөткө чейин жылдырылды.

Түлеевдин кармалышы

Башкы көзөмөлдөөчү орган Түлеевди 2012-жылдын июнь айынын аягында кармаган. Төрт күндөн кийин Биринчи май райондук соту аны УКМКнын тергөө абагына камоо чечимин чыгарган.

Депутат 2008-2010-жылдары Бишкек шаарынын мэри болуп турганда коррупциялык иштерге аралашкан деп күнөөлөнүп жатат. Ага карата эки кылмыш иши козголгон.

Депутат биринчи иши боюнча 2008-2010-жылдары Бишкек шаарынын мэри болуп турганда коррупциялык иштерге аралашкан деп күнөөлөнүп жатат. Башкы прокуратуранын версиясы боюнча, ал 200 кытай автобусун жогорулатылган баада сатып алган.

Башкы прокуратура Түлеевге карата экинчи кылмыш ишин 15-августта, Жогорку сот депутатты тергөө абагынан үй камагына бошотуу чечимин чыгаргандан кийин козгогон — бул кылмыш ишине байланыштуу мурунку мэр тергөө абагында калтырылган.

Экинчи иш боюнча башкы көзөмөлдөөчү орган мурунку шаар башчысы 2008-жылы «Тазалык» муниципалдык ишканасына таштанды ташый турган унааларды алып келүүдө мыйзам «бузгандыгын», ошондой эле Шопоков көчөсүндө жайгашкан мурунку бала бакчанын имаратын «мыйзамсыз» саткандыгын аныктаган.

Депутат болсо айыптоолордун бардыгын четке кагып жатат. Түлеевди жактоочу тарап депутатка карата козголгон кылмыш ишин «саясий буйрутма» деп эсептешүүдө.

Башкы прокуратура 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин эле мурунку шаар башчысына карата кылмыш ишин козгогон. Бирок Түлеев оппозициялык «Ата-Журт» партиясынан парламенттин депутаты болуп шайлангандан кийин иш кайрадан жабылган.

Автор: Хлоя Гейне