Баткен облусу: Кара-Шоро айылынын жол каттамы үч күндөн бери жабык калууда

talas-bishkek_10435

Калың жааган кардан улам Баткен облусунун Кара-Шоро айылынан чыга турган унаа жол үч күндөн бери жабык бойдон калууда. Айылды облустун башка аймактары менен байланыштырып турган дагы бир жол Сох анклавы аркылуу өтөт, бирок ал өтмөк 6-январдагы жаңжалдан кийин жабылган.

ӨКМдин Кадамжай райондук бөлүмүнүн башчысы Куштарбек Абылов Kloop.kgге берген маегинде жолдогу кардын калыңдыгы бир жарым метрге жетээрин кабарлады. Айтымында, учурда 45 чакырымдык жолдун 26 чакырымы кардан тазаланган.

Ал айыл тургундары Сохтогу жаңжалга чейин анклав аркылуу өтө турган жолду пайдаланып келишкендигин билдирди. Бирок андагы окуялардан кийин жол жабылып, азыркыга чейин ачыла элек.

«Азык-түлүктүн, дары-дармектин жетишсиздиги сыяктуу көйгөйлөр жок», – деди Абылов.

Кризистик кырдаалдар башкармалыгынын башчысы Мухаммед Сваров унаа жолун жакынкы сааттарда тазалап бүтө тургандыктарын Kloop.kgге билдирди.

Кара-Шоро айылында 45 түтүн жашайт.

Сох анклавы аркылуу өтө турган жолдун жабылышына аталган айылдын жашоочулары гана нааразы эмес. 10-январда Сох району менен чектеш айылдардын жашоочулары жолду ачуу талабы менен өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн имаратынын алдында митинг өткөрүшкөн.

Сох аркылуу өткөн жол Баткен облусунун батышы менен чыгышын байланыштырып турган жападан жалгыз унаа жолу болуп эсептелет.

Бийликтегилер азырынча анклав аркылуу өтө турган унаа жол качан ачылаарын билишпейт. Акыйкатчынын Баткен облусундагы өкүлү Абдыкапар Үсөнов жол качан гана өзбек тарап Сохтогу жаңжалдан жабырланган кыргызстандыктардын чыгымдарын толуктап бергенден кийин гана ачылаарын билдирген.

Автор: Айзирек Алмазбекова