«Лилиана» Ботаникалык бакчага турак-жай куруп жаткандыгы тууралуу пайда болгон маалыматты четке кагууда

bishkek_10435

Турак-жай үйлөрүн сатуу жана ижарага берүү менен алектенген «Лилиана» компаниясынын жетекчилиги Ботаникалык бакчанын айланасына өзгөчөлөнгөн үйлөрдү куруп жаткандыгы тууралуу айтылган маалыматтарды четке какты. Ал маалымат «Вечерний Бишкек» гезитинин интернет басылмасында пайда болгон.

Өзүн Александр деп тааныштырган «Лилиана» ЖЧКсынын менеджери Kloop.kgнин кабарчысы менен сүйлөшүү маалында компания ал жерге турак-жай курууда бак-дарактарды кыйбастыгын билдирди. Айтымында, курлуш иштери жүрө турган тилкеде эч кандай өсүмдүк жок.

Ал курула турган үйлөр Ала-Арча дарыясынын батыш жээгиндеги Каралаев атындагы көчөнү бойлой, 6-кичи райондун маңдайында болоорун айтып, түшүндүрдү.

Ботаникалык бакча Ала-Арча суусунун чыгыш жээк тарабында жайгашкан.

«Ал жердин аймагында бак-дарак жок. Анда салына турган үйдүн пайдубалы үчүн казылган чуңкур бар, анын топурактары чыгарылган. Ал бак-дарак, эч нерсеси жок жер тилкеси», — деди Александр.

Ал компания тилкени «көрктөндүрүп», ал жерге бак-дарактарды тигүүнү көздөп жаткандыгын билдирди.

Менеджер келечектеги турак-жай комплексинин «Ботаникалык бакча» деп аталышы Ботаникалык бакчага эч кандай тиешеси жоктугун белгиледи.

«Вечерний Бишкектин» 14-январдагы материалында 2014-жылга карата Ботаникалык бакчанын аймагына «өзгөчөчөнүп салынган турак-жайлардын» курулаары жазылган.

«Биздин кезектеги «Рублевка» - мыйзамга ылайык курулушка берилбей турган жашыл зонада өсүп чыгат», — деп жазылган басылмада.

Макаланын автору Анна Яловкина Kloop.kgнин журналисттерине «Лилианага» кардар катар телефон чалып, компания менен болгон сүйлөшүүлөрдөн кийин тийиштүү жыйынтыктарга келгендигин айтты.

«Вечерний Бишкекке» басылып чыккан макала турак-жай комплексинин да, басылманын да дарегине карата терс мүнөздөгү комментарийлерди пайда кылган.

«Ботаникалык бакчабызды коргойбуз» акциясын кайрадан өткөрө аласыңарбы. Биз андай акцияны 2008-жылы, бакчанын аймагына турак-жай жана Биологиялык лаборатория курулат дегенде өткөргөнбүз», — деп жазган өзүн тааныштарбаган колдонуучу макаланын төмөн жагындагы пикир калтыруу бурчуна.

«Курулуш иштеринин бакчага эч кандай тиешеси жок... мына сага кабарчылар…» — деп жазган Вечерка деген ник аркылуу пикир калтырган башка колдонуучу.

Яловкина өз кезегинде компанияга сурам жөнөтөөрүн, анын жыйынтыгы боюнча басылманын жаңылышкан-жаңылышпагандыгы аныктала тургандыгын айтты.

Авторлор: Эльдос Казыбеков жана Эльдияр Арыкбаев

Сүрөт компаниянын сайтынан алынды