Жактоочу: Оштогу милиция чиновнигин өлтүрүүгө Анапияевдин тиешеси жок

aыфмgt_109

Уюшкан кылмыштуу топтун лидери Камчы Көлбаевдин мурунку жардамчысы Алманбет Анапияев жактоочусу аркылуу Ош шаарындагы милиция чиновнигинин өлтүрүлүшүнө тиешеси жоктугу тууралуу билдирүү таратты. Буга чейин ШИИБи башчысы «Ала-Тоо» маалымат программасына берген маегинде бул кылмышка анын тиешеси бардыгын билдирген.

Анапияевдин жактоочусу Самат Заков журналисттер менен болгон жолугушуусунда ал жактоого алган адам учурда Бириккен Араб Эмираттарында экенин жана ИИМдин түштүк аймагы боюнча уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын бөлүм башчысы Толкунбек Шоноевди өлтүрүүгө анын тиешеси жоктугун билдирди.

«Анын Шоноевди өлтүрүүгө эч кандай тиешеси жок», – деди Заков.

Бирок жактоочу билдирүүдөн башка Анапияевдин күнөөсү жоктугу тууралуу эч кандай далили жоктугун айтты.

Ал укук коргоо органдары да анын күнөөсү бардыгын дилилдей турган эч кандай маалымат бербегендиктерин кошумчалады.

Заков милиция кызматкерлери тарабынан шектүү катары кармалган Жылдызбек Карамбаевдин Анапияев менен эч кандай байланышы жок деди.

«Алар бири-бирин тааныбайт дагы», – деди жактоочу.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Бакыт Сейитов ШИИБи башчысы Мелис Турганбаевдин чындыгында эле Шоноевди өлтүрүүгө Анапияевдин тиешеси бардыгы тууралуу билдиргенин Kloop.kgге ырастады.

Сейитов дагы деле тергөө жүрүп жаткандыктан, Анапияевдин милиция чиновнигин өлтүрүү ишинде шектүү катары өтүп жаткан-жатпагандыгын тактап айткан жок.

«Чындыгында кандай болгону тергөөнүн жүрүшүндө аныкталат. Азырынча тигил же бул адамдын тиешеси бардыгы тууралуу айтуу эртелик кылат», – деди ал.

Анапияев 2012-жылдын аягынан бери ИИМ тарабынан издөөгө жарыялангандардын тизмесинде - ал адам уурдоо, мыйзамсыз эркинен ажыратуу жана талоончулук кылган деп айыпталууда.

Милициянын чиновнигине куралдуу кол салуу 11-январь күнү кечинде Ош шаарында болгон. Шоноев беш жеринен жаракат алган: төрт ок көкүрөк клеткасына жана дагы бири моюнуна тийген.

Далил катары окуя болгон жерден болжолдуу түрдө Макаров үлгүсүндөгү тапанчанын 5 гильзасы алынган.

Азырынча ИИМдин полковнигинин өлтүрүлүшүнүн себептери белгисиз.

Автор: Хлоя Гейне