Хроника: Сот Дунгановду тергөө абагынан ооруканага чыгаруудан баш тартты

bishkek_10435

Сот айыпталуучу катары өтүп жаткан Мамлекеттик күзөт кызматынын башчысынын мурунку орун басары Данияр Дунгановдун баш коргоо чарасын өзгөртүүдөн баш тартты. Ал 2010-жылдын 7-апрелиндеги революция боюнча көрсөтмө бере баштады.

12:45 «Анан биз өкмөт үйүнө келдик (Бакиев президент болуп турган маалда Ак үй парламент имараты эмес өкмөт үйү болчу).

Митинг учурунда кагылыш болуп, митингчилер 15тей куралды тартып алышкандыгы, а аскерлер качып кеткендиги белгилүү болду.

Анан мага Бакиев телефон чалып 7-кабаттагы иш бөлмөсүнө чакырды. Бөлмөдө премьер-министр, коргоо министри жана Малеванная бар экен. Анда генерал Бакиев жеке курамды тизип, мыйзамсыз кирип келгендерге карата курал колдонулат деген жазуусу бар такта илип коюуу көрсөтмөсүн берди.

Аймак төрт аймакка бөлүнгөн.

Жеке курамдын аракетин координациялоо байланыш түйүнү президенттик полктун башчысынын иш бөлмөсүнө жайгаштырылган.

Чатырда кадимкидей эле Калашников үлгүсүндөгү автоматтар менен куралданган күзөттөгү эки кызматкер болгон. Бир канча убакыттан кийин мени радио-байланыш аркылуу генерал Бакиев чакырды. Ал мага бир аздан кийин «Скорпион» спецназы менен Коргоо министрлигинин аскер кызматкерлери келээрин билдирди.

Ал аларды өкмөт үйдүн (Ак үйдүн) ички периметри боюнча жайгаштыруу буйругун берди»

12:32 Дунгановго эртең мененки саат 10до Жаныш Бакиев телефон чалган.

«Ал Мамлекеттик күзөт кызматы менен президенттин полкунун аскерлеринен турган эки автобус даярдоо көрсөтмөсүн берди. Ал аларды коргоо кийимдерин кийгизип ИИМ кызматкерлери менен бирге режимдик объектини коргоого жөнөтүү көрсөтмөсүн берди», — деп эскерди Дунганов.

Ал Бакиев бардыгын табелдик курал менен камсыз кылуу буйругун бергендигин кошумчалады.

12:26 «Мен 6-апрелде иш ордумда болчумун. Болжол менен саат 18:00дө Мамлекеттик күзөт кызматынын башчысы Жаныш Бакиев телефон чалып, менин карамагымдагы объектини кайтарууну күчөтүүнү буюрду», — деди Дунганов.

Анын айтымында, эки саттан кийин ага Мамлекеттик кузөт кызматынын биринчи орун басары Нурлан Темирбаев чалып ыкчам топту үйлөрүнө таркатып, аларды 7-апрелде эртең менен чогултууну буюрган.

«Кийинки күнү эртең менен полковник Темирбаев менен бирге жыйын өткөрдүк, анда болжол менен 400дөй аскер кызматкери болгон», — деп улантты Күзөт кызматынын башчысынын мурунку орун басары.

12:23 Мамлекеттик күзөт кызматынын башчысынын мурунку башчысы 2010-жылдагы апрель революциясын кандай көргөндүгүн айтып баштады.

12:21 Дунганов буйруктун мыйзамдуулугуна ал буйрукту берген адам жоопкириликте болушу керек деди.

«Жетекчи буйрук берип, анын аткарылышына көз салууга укуктуу. Аскер кызматкери аны аткарууга милдеттүү. Командир буйрук берээрден мурун кырдаалга баа бериши керек», — деди Күзөт кызматынын башчысынын мурунку орун басары.

12:15 «Мыйзамга ылайык, мамлекеттик күзөт кызматкери кимдир бирөөнүн аракети кайтарууга алынган объектиге коркунуч туудурса курал колдоно алат», — деп түшүндүрдү экс-чиновник.

12:11 «Мен мамлекеттик күзөттө 1992-жылдан бери кызмат кылгам, 2007-жылы штаб башчысы болгом. Мамлекеттик күзөт кызматында мен биринчи адам эмесмин жана мурунку президенттин тууганы эмесмин, ошондой эле анын айланасындагылардын катарына да кирген эмесмин», — деди Дунганов.

«Тергөө мени генерал-лейтенант [Жаныш] Бакиевдин мыйзамсыз буйругун аткарган деп эсептеп жатат. Белгилеп кетким келип жатат, куралдуу күчтөрдө жеке башчылык деген принцип жетекчилик кылат. Мыйзамда «аскер кызматкерлеринин буйрук аткарышы» деген түшүнүк жок», — деп улантты айыпталуучу.

12:07 Мамлекеттик кузөт кызматынын башчысынын мурунку орун басары көрсөтмө берүү үчүн турду.

12:03 Сот Дунгановдун баш коргоо чарасын өзгөртүүдөн баш тартты.

11:40 Дунганов 2010-жылдагы апрель революциясы маалында Жаныш Бакиевдин элге ок атуу боюнча берген буйругун аткаган деп айыпталып жатат. Дунганов коюлган айыптоолорду четке кагууда.

11:25 Судья он баш мүнөттүк тыныгуу жарыялады.

11:20 Дунгановдун жактоочулары анын баш коргоо чарасын өзгөртүүнү өтүнүштү.

11:03 Жактоочу тарап Дунгановдун ден соолугунун абалы жөнүндөгү маселени карап чыгууну суранууда.

«Корутунду чыгарган дарыгерлердин профессионалдуулугунан шек саноого эч кандай негиз жок. Бир гана эрдик менен чындыкка жетишүүгө болбойт. Мүмкүн менин оппонентим кыйын юристир, бирок дарыгер эмес», — деди Дунгановдун жактоочусу.

10:51 Жабыр тарткан тараптын жактоочусу Осунбек Жамансариев Дунгановдун катуу ооруп жаткандыгы шек туудуруп жаткандыктан анын абалын экспертизадан өткөрүүнү өтүндү.

Прокурор Жамансариевге соттун алдында Дунгановду тергөө абагынан ооруканага которуу маселеси эмес, анын баш коргоо чарасын өзгөртүү маселеси да турушу мүмкүндүгүн айтып жооп берди.

«Сот жообуна тартылып жаткан адамдын ден соолугу, аны дарылоо жөнүндөгү маселелер тергөө абагынын башчысынын жоопкерчилигинде болушу керек», — деди мамлекеттик айыптоочу.

10:45 Тойчубекова алардын имаратында адамдын саламаттыгын текшере турган атайын аппараттар жок болгондуктан азыр Дунгановдун абалынын кандай экенин айта албайт.

Ал Мамлекеттик кузөт кызматынын мурунку башчысынын абалын«оор» деп баалаган Улуттук госпиталдын чыгарган корутундусуна шилтеме жасады.

«Мен анын саламаттыгын караган эмесмин», — деди Тойчубекова.

10:41 Сот айыпталып жаткан чиновниктин ден соолугунун абалына баа берүү үчүн эксперт-адис катары №47 борбордук оорукананын башчысы Чынара Тойчубекованы чакырган.

10:40 Абалы «оор» болгондуктан Дунганов 15-январда өткөн жыйында өзүн коргой алган эмес, мындан улам сот отурумун жылдырууга туура келген. Бирок ага карабастан айыпталуучу дагы деле камакта.

10:38 Сот 2010-жылдагы апрель окуясы боюнча сот ишинде айыпталуучу катары өтүп жаткан Мамлекеттик күзөт кызматынын башчысынын мурунку орун басары Данияр Дунгановдун ден соолугунун абалы боюнча маселени карап баштады.

Автор: Хлоя Гейне