Баткен: Сох анклавы аркылуу өтө турган жол жабык бойдон калууда

sheep

ИИМ Өзбекстан Сох анклавындагы жаңжалда мүлкү талкаланган кыргызстандыктарга акча төлөп берүүнү баштагандыгын билдирди. Бул маалыматты жергиликтүү бийлик четке кагып, жол качан өзбек тарапжабырланган кыргызстандыктардын чыгымдарын толуктап бергенден кийин гана ачылаарын айтып жатышат.

Ички иштер министрлигинин аты-жөнүн билдиргиси келбеген кызматкери Өзбекстан 14-январдан баштап Сох анклавында болгон жаңжалда мүлкү талкаланган Кыргызстандын жарандарынын чыгымдарын толуктап берип баштагандыгын Kloop.kgге кабарлады.

«Жолугушуу Чарбак жана Хушяр айылдарынын чегинде болду. Өзбек тарап жети унаа ээсине компенсация катары акча төлөп берди», – деди ал.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Маматжан Бердишев министрликтин кызматкеринин айткандарын четке какты.

«Бизде андай маалымат жок, өзбек тарап эч нерсе төлөй элек», – деди Бердишев.

Буга чейин акыйкатчынын Баткен облусундагы өкүлү Абдыкапар Үсөнов жол качан гана өзбек тарап Сохтогу жаңжалдан жабырланган кыргызстандыктардын чыгымдарын толуктап бергенден кийин гана ачылаарын Kloop.kgге билдирген.

Жолдун жабылышына Сох районуна чектеш жайгашкан айылдардын жашоочулары нааразы болуп жатышат. 10-январда коңшу айылдардын 200дөн ашык тургуну жолду ачуу талабы менен өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн имаратынын алдында митингке чыгышкан.

Сох аркылуу өткөн жол Баткен облусунун батышы менен чыгышын байланыштырып турган жападан жалгыз унаа жолу болуп эсептелет

Сох анклавындагы жаңжал

Сох анклавындагы жаңжал 6-январь күнү күндүз, Хушяр өзбек айылынын жашоочулары менен кыргыз чек арачыларынын ортосундагы кагылыштан улам башталган.

Анын чыгышына кыргыз чек ара заставасына электр тогун жеткирүүгө Хушяр өзбек айылынын жашоочуларынын нааразы болушу себеп болгон.

«Өзбекстандын жарандары бардыгын талкалай башташты. Ал жерге биздин аймактык милиционер келип, алардын бул аракеттери мыйзамга ылайык келбей тургандыгын айтып түшүндүрдү, бирок алар милиционерди сабап салышты. Бир унааны талкалап, Кыргыз Республикасынын аскерлерине да кол салуулар болду», — деген өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Маматжан Бердишев Kloop.kgге берген маегинде.

Көп өтпөй Хушяр айылынын жашооочулары 30 кыргызстандыкты барымтага алып алышкан.

Алардын 14ү — аялдар менен балдар — ошол эле түнү бошотулган, калган 16 киши Кыргызстанга бир суткадан кийин — 7-январда сүйлөшүүлөрдөн кийин — өзбек укук коргоо органдарынын жардамы менен кайтып келишкен.

Жаңжал учурунда анклав аркылуу өтүп бара жаткан кыргызстандыктардын унаалары да талкаланган.

Автор: Мария Гребнева

Сүрөт «Азаттык» радиосунун сайтынан алынды