Бишкек мэриясы: Токомбаев көчөсүн капиталдык оңдоодон өткөрүү февралда башталат

sheep

Мэриянын берген убадасына ылайык, борбордун Аалы Токомбаев атындагы көчөсү 2013-жылдын октябрына карата капиталдык оңдоодон өтөт. Айдоочулар өз тарыхында жалаң чуңкурлары гана оңдолуп келген жолдун сапатына ыраазы эмес.

Бишкек мэриясынын алдындагы капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Марат Мияров Kloop.kgге берген маегинде Токомбаев көчөсүн оңдоо боюнча өткөрүлгөн тендерде эки түрк компаниясы — «Модульстрой» менен «Грант Старт» жеңгендигин билдирди.

Анын айтымында, жолду капиталдык оңдоодон өткөрүү февралда башталып, 2013-жылдын күз айларында аяктайт.

«Биз быйыл жолду Совет көчөсүнөн (Байтик Баатыр) баштап Алма-Ата көчөсүнө чейин оңдоодон өткөрүүнү пландап жатабыз. Болжол менен ишти февралдын соңунда баштап, октябрга карата аяктайбыз», — деп түшүндүрдү ал.

Токомбаев көчөсү — калк жыш жайгашкан кичи райондор менен шаардын борборун байланыштырып турган Бишкектин түштүк тарабындагы негизги жолдордун бири.

Ал өткөн кылымдын 80-жылдарында курулган, бирок андан бери бир дагы жолу капиталдык оңдоодон өткөн эмес — чуңкурлары гана оңдолуп келген.

Миязов 2011-жылдын май айында Kloop.kgге берген маегинде Токомбаев көчөсүн капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн Кытай өкмөтү грант катары 40 миллион юань (дээрлик 300 миллион сомго жеткен каражат) бөлгөндүгүн билдирген.

Бирок арадан бир жыл өтсө да Бишкекке келген кытай адистери бөлүнгөн каражат жолду капиталдык оңдоодон өткөрүүгө жетпей тургандыгын аныкташып, оңдоо иштери жүргүзүлбөй калган.

«Алар Кытай Республикасы бөлгөн каражат Токомбаев көчөсүн оңдоого жетпестигин аныкташкан», — деп түшүндүргөн Миязовдун орун басары Абдыжапаркул Жанболотов 2012-жылы.

Жолдун абалына болгон нааразычылыктар

Токомбаев көчөсүнүн абалы бир нече жолу бишкектиктердин нааразычылыгын жараткан — жолдун абалы тууралуу Кыргызстандагы популярдуу «Дизель» форумунда көп талкуулар жүргөн.

«Жумасына эки-үч жолу чуңкурларды чогултуп, эски жамаачылардын үстүнөн секирип өтүүгө туура келет — эгер ылдамдык саатына 20 чакырымдан ашса дөңгөлөктөр көз ирмемге жерден көтөрүлө түшөт», — деп жазган SuxBuster деген ат менен катталган колдонуучу 2011-жылдын февралында.

«Жолдун бул бөлүгү тууралуу таптакыр эле унутуп калышты», — деп даттанган 2011-жылдын май айында Beni аттуу колдонуучу.

Kloop.kgнин кабарчысы тарабынан бүгүн сурамжыланган унаа ээлери мэриянын жолду оңдоо боюнча пландарына анча ишенбей тургандыктарын билдиришти. Айдоочу Баатырбек Токомбаев көчөсү оңдолот дегенге ишенбейт.

«Мен буга ишенбейм. Убада берип эле жатышат, бирок эч нерсе кылышпайт», — деди айдоочу.

Автор: Эльдос Казыбеков