Эл өкүлү Сайдулла Нышанов Кыргызстандын борборунда Советтер Союзунда чыккан унааларды пайдаланууга тыюу салууну сунуштап жатат. Сурамжыланган унаа ээлери түрдүү пикирлерин билдиришти.
Нышанов Kloop.kgге берген маегинде ал иштеп чыгып жаткан "советтик унааларды колдонууга тыюу салуу" жөнүндөгү мыйзам долбоору Советтер Союзунда чыгарылган унаалар үчүн гана тиешелүү болоорун билдирди.
«Европалык стандарттардан айырмаланып совет маалында чыккан унаалар өтө көп түтүн чыгарат. Ошондуктан, келечекте аларга тыюу салуу керек», – дейт парламентарий.
Нышанов эски унаалар менен жүрүүсүн уланткан айдоочуларга айып салууну сунуштоодо. Бирок айыптын суммасын так айтып бере алган жок.
Парламентарий азырынча мыйзам долбоорун иштеп чыгууну качан аяктаарын жана ал парламенттин кароосуна качан алынып чыгаарын билбестигин айтты.
Депутаттын сунушуна ылайык, Жол кыймылын көзөмөлдөө кызматындагылар унаалардын пайдаланылган мөөнөтүн текшерүүгө милдеттүү болот.
МАИ кызматкерлери мындай эреженин киргизилиши аларга анча деле түйшүк жаратпайт деп эсептейт.
«Албетте кыйынчылыктар болбойт. Бул деген биздин күнүмдүк эле ишибиз да», – деди Бишкек шаардык жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысынын орун басары Биялы Жунушев.
Сурамжыланган унаа ээлери түрдүү пикирлерин билдиришти.
Айдоочу Николай Махортов сунушталып жаткан жаңы эреженин кемчиликтери дагы, артыкчылыктары дагы бар экендигин айтты.
«Эски унаа тетик сатып алуу үчүн көп каражатты талап кылат. Тез-тез бузула берет, унаа канчалык жаңы болсо аны оңдоо ошончолук арзан болот. Бул артыкчылыктары. Бирок жаңы унааны сатып алуу үчүн каражат жок, бул кемчилиги», – деди ал.
Аты-жөнүн билдиргиси келбеген такси айдоочусу эгер мындай мыйзам долбоору кабыл алынса митингке чыга тургандыгын айтты.
«Качан анын [депутаттын] айлык маянасы биздикиндей — үч миң сом болгондо 20 жылдан берки убакта чыккан унааны сатып алып көрсүн. Аянтка митингке чыгабыз», – деди ал.
Автор: Нурмухаммед Атамбаев
Редактор: Алексей Ким