Кыргызстанда Монголия жаранынын баласын «мыйзамсыз» асырап алышкан

sheep

Панфилов райадминистрациясынын чиновниктери өлкөгө кыргызстандык атасы тарабынан алынып келинген 9 жашар кызды асырап алуу боюнча жасалма документтерди даярдаган деп шектелип жатышат. Прокуратурага баланын апасы кайрылган, ал Монголиянын жараны.

Панфилов райондук администрациясынын жогорку кызматындагылар кызды «таштанды» бала катары каттап, 2010-жылы «А. Б.» жана «С. А.» деген жубайларга асырап алуу жөнүндөгү документтерин беришкен, деп билдирди Башкы прокуратура.

Көзөмөлдөөчү орган кыз Орусиянын Иркутск облусунда туулгандыгын, апасы — «Ц. Л.» аттуу Монголиянын жараны, атасы — «А. А.» деген кыргызстандык адам экенин аныктаган. Мекеменин маалыматы боюнча, атасы кызын Панфилов районуна 2009-жылы алып келген.

«Документтерди даярдоо таштанды баланын табылгандыгы жөнүндө жасалма түзүлгөн акты менен формалдуу медициналык маалымкаттын негизинде жүргүзүлгөн, документтин даярдалган күнү катары 2004-жылдын 2-сентябры көрсөтүлгөн», — деп билдирүүдө Башкы прокуратура.

Облустук көзөмөлдөөчү орган Панфилов райадминистрациясынын Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо, жарандардын ал-абалы тууралуу актыларды толтуруу бөлүмдөрүнүн чиновниктерине карата «кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» жана «жасалма документтерди даярдоо, колдонуу жана сатуу» беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду.

Райадминистрациядан учурда Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнүн башчысы жок экендигин айтышып, Kloop.kgнин журналистинен эртең чалып көрүүнү өтүнүштү.

Бул сыяктуу окуя 2012-жылдын июлунда кыргызстандык балдар менен Пакистанда болгон.

Анда Пакистандын жараны кыргызстандык аялынан туулган эки баласын мекенине алып кетип калган, бирок үй айга созулган териштирүүлөрдөн кийин Пешавар шаарынын соту балдарды Кыргызстандын жаранына кайтарып берген.

Автор: Зарема Султанбекова