Кыргызстандагы популярдуу «Дизель» форумунун колдонуучулары Бишкектин вице-мэринин кол саатын 10 миң АКШ долларына баалашты. Чиновник болсо сааты италиялык Bvlgari фирмасынын өндүрүшүнүн көчүрмөсү экенин билдирди.
Бишкектин вице-мэри Вячеслав Красиенко Kloop.kgге берген маегинде кол саатын мэрияда иштей электе эле Кытайдан сатып алгандыгын, анын баасы 500 АКШ долларын түзөөрүн айтты.
Ал анын сааты италиялык Bvlgari фирмасынын «көчүрмөсү» болуп саналаарын билдирди.
«Эч сыр жок. Мен саатымда, аны канчанчы жылы сатып алгандыгым жөнүндөгү документтерин көрсөтө алам», – деди ал.
Красиенко анын сааты тууралуу интернеттеги талкууну «объективсиз, жөнү жок асылуу» деп атап, аларга жооп берүү үчүн микроблоггдук «Твиттер» платформасында эккаунт ачууну көздөп жаткандыгын билдирди.
Вице-мэрдин саатын талкууга алуу «Вечерний Бишкек» гезитинин интернет-басылмасындагы чиновник менен Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаеванын уулунун жолугушуусу тууралуу жазылган материалдан кийин башталган.
[pullquote][/pullquote]Алар Жаш Гвардия проспектисин жарыктандыруу маселесин талкууга алып жатканда журналист анын кол саатын ири планда сүрөткө тартып алган.
Дизель форумунун колдонуучулары вице-мэрдин 10 миң долларлык саатына көңүл бурбай коюшкан жок.
«Вице-мэр эмне дейт, көрөлү… логика боюнча ал дагы шефиндей эле арзан, жасалма саат деп айтат…ооба, кээ бирлери күлөт, анан эмне кылмак эле? эгер сен 700 доллар айлык алган чиновник болсоң 10 миң долларлык саат тагынып жүрүүгө мүмкүн эмес», — деп эсептейт timoha деген ысым менен катталган колдонуучу.
Анын пикири менен Дизелдин синоптик деген колдонуучусу макул эмес.
«Мен профессилналдуу фотограф болбосом да менин камерам 10 миң доллар турат. Мага жагат, мен ошондой болушун каалайм. Мүмкүн ага да жагат, ал да ошондой болушун каалайт?», – деп жазган ал.
Бул кыргыз интернет колдонуучуларынын Бишкек мэриясынын кызматкерлеринин кол сааттарын биринчи жолу талкууга алышы эмес.
Дизелдин колдонуучулары 2012-жылдын жаз айларында да мэр Иса Өмүркуловдун болжол менен 20 миң долларлык «швейцариялык» кол саатын активдүү талкууга алышкан.
Анда мэр дагы сааты окшоштурулуп «жакшы» жасалган жасалма аксессуар экенин, баасы 500 долларды түзөөрүн билдирген.
«Ал алтын эмес, 500 доллар турат. Аны мен Кытайдан өзүм сатып алгам, жасалма кылып жакшы жасашкан. Кытай азыр саат эмес үндүү учактарды да чыгарат», – деп жазган «Вечерний Бишкек» гезитинин интернет-басылмасы Өмүркуловдун айткандарын.
Автор: Ольга Барвинская
Редактор: Алексей Ким