Фридом Хаус: Кыргызстан «толук эркин эмес» өлкө бойдон калууда

bishkek10435

«Фридом Хаус» уюмунун «Дүйнөдөгү эркиндик» аттуу жаңы докладында Кыргызстан үчүнчү жыл катары менен «толук эркин эмес» өлкө статусун алды. Борбордук Азиянын калган өлкөлөрү «эркин эмес» деп табылды.

Кыргызстан «Фридом Хаустун» рейтингиндеги саясий укук жана жарандык эркиндик категориялары боюнча мүмкүн болгон 7 терс баллдын 5не ээ болду.

Докладдын өзүндө Кыргызстан жөнүндө бир дагы жолу айтылган эмес, өлкө өткөн жылы дагы дал ушундай эле бааларды алган.

Анда Борбордук Азиянын башка өлкөлөрү көбүрөөк айтылган.

Казакстанда оппозициялык маалымат каражаттарына карата жасалган басымдан улам кырдаалдын начарлоо тенденциясы байкалгандыгы белгиленген.

«Казакстандагы медиа-кырдаал 2011-жылдын аягында мунай жумушчуларын кууп тараткандан кийин начарлап кеткен – бийликтегилер оппозициялык гезиттерге тыюу салып, оппозициялык веб-сайттарды тосмологон», – деп жазылган «Фридом Хаустун» докладында.

Орто азиялык эки өлкө – Түркмөнстан менен Өзбекстан – документтин «Начарлардын начары» деген бөлүгүнө жайгаштырылган.

Тажикстан Тоолуу-Бадахшан автономдуу облусундагы аскердик операциясы үчүн терс баага ээ болгон. «Фридом Хаустун» пикири боюнча, ал операциянын жүрүшүндө «адам өлтүрүү жана ММКларга басым жасоо» фактылары катталган.

Жалпысынан «Фридом Хаус» уюму 2012-жылды карап көрүп дүйнөдө кырдаалы оң жакка өзгөргөн өлкөлөргө караганда начарлаган өлкөлөр көп болгон деген жыйынтыкка келген.

Мындай кырдаал жетинчи жыл катары менен болуп жатат, деп белгилеген америкалык уюм.

Докладда дүйнөнүн ири өлкөлөрүнүн бардыгына сын айтылган.

Орусия менен Кытайда ММКларга, жарандык активисттерге басым жасоо күчөгөндүгү сынга алынса, АКШ – аскер операцияларында пилоту жок учактарды көп колдонгондугу үчүн сындалган.

Автор: Бектур Искендер