Парламент Баңгизатын көзөмөлдөө кызматынын кызматкерлерине курал колдонууга уруксат бериши мүмкүн

bishkekкойспецназ_сузак10435

Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитети атайын операциялар маалында баңгизаты менен күрөшкөн кызматкерлердин табелдик курал колдонуусуна уруксат бере турган мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды. Сурамжыланган коопсуздук тармагындагы талдоочулар бул демилгени колдоп жатышат.

Баңгизатын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасынын биринчи орун басары Гүлүмжан Анарбаев Kloop.kgге берген маегинде учурда анын кол алдындагы кызматкерлер курал колдоноорун, бирок мыйзамдуу негизде катталбагандыгын айтты.

«Милдетибизди аткарып, өмүрүбүздү тобокелге салып жатабыз, а курал колдонууга мыйзамдын негизинде уруксат бербей жатышат», – деди Анарбаев.

Мыйзам долбоорун парламенттин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин мүчөлөрү 15-декабрда үчүнчү окууда жактырышкан.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурунку башчысы Артур Медетбеков баңгизатына каршы күрөшкөн кызматкерлер курал колдонуу укугуна ээ болушу керек деп эсептейт.

«Ар дайым өзүн коргоо үчүн курал болушу керек. Куралдын болуусу баңгизаты менен алектенген кылмышкерлерди аныктап, аларды колго түшүрүү үчүн өтө зарыл», – дейт ал.

Коопсуздук кеңешинин мурунку катчысы Мирослав Ниязов Медетбековдун пикири менен макул.

«Алар курал-жаракты зарылчылыгына карап, ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында колдоно алышат», – деди Ниязов.

Юрист Нурбек Токтакунов Баңгизатын козөмөлдөө кызматкерлерине курал колдонууга мүмкүн, бирок мыйзам чегинде гана деп эсептейт.

«Курал берүү - бул аны сен баарына эле кезеп, ок чыгара аласың дегенди билдирбейт», – деди ал.

Мыйзам долбоору парламенттин буга чейинки эки окуусунда депутаттар тарабынан жактырылган. Ал үчүнчү окууда жактырылган соң ага өлкөнүн премьер-министри менен президенти кол коюшу керек.

Автор: Александра Ли

Сүрөт Баңгизатын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын сайтынан алынды