Ысык-Көл: Өрттөнүп кеткен мектептин окуучулары жаңы имараттарда билим алып башташты

bishkekмектеп10435

Өткөн жылдын декабрында өрттөнүп кеткен Тоң районунун Көк-Мойнок айылындагы мектептин окуучулары жаңы чейректен баштап Аксакалдар кеңешинин имараты менен жергиликтүү малчылардын үйлөрүндө билим алып башташты.

Тоң районунун акими Бакыт Рыспаев Kloop.kgге берген маегинде учурда окуучулар билим алып жаткан имараттарда бардык шарттар түзүлгөндүгүн айтты.

«Бардыгы акталып, сырдалды. Ал жерге мектеп күйүп жатканда айыл тургандары алып чыгууга үргүрүп калган парталар, стулдар, китептер жана компьютерлер жайгаштырылды», - деди ал.

Өрттөнүп кеткен мектептин директору Светлана Салакунова окуучулардын билим алуусу үчүн үч имарат - малчылардын эки үйү менен айылдык Аксакалдар кеңешинин имараты бөлүнүп берилгендигин билдирди.

Ал окуучулар аталган имараттарда окуу жылынын соңуна чейин билим алышаарын билдирди. Анын айтымында, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү кийинки окуу жылынын башталышына чейин жаңы мектептин салынып бүтөөрүн айтып, убада кылган.

Мектеп 2012-жылдын 17-декабрында өрттөнүп кеткен. Анда өрт өчүрүүчүлөр өрт окуу имаратында жайгашкан жылытуу мешинен чыккан деп айтышкан.

Мектеп 1970-жылы курулган. Анда 92 окуучу билим алып, 12 мугалим эмгектенет.

Жалпысынан Көк-Мойнок айылында 3 мектеп иштейт.

Автор: Нуржамал Жаныбекова