Жалал-Абад: Айылдык мектептеги өрттөн окуучулар жабыр тарткан жок

bishkekкой_сузак10435

Жалал-Абад облусундагы Айгыр-Жал айылынын орто мектебиндеги өрт 16-январь күнү эртең мененки саат 9да башталган. Өрт өчүрүүчүлөр тилсиз жоо менен алты сааттай убакыт күрөшүшкөн.

Өрттү тутангандан тогуз өткөндө гана өчүрүп бүтүүгө мүмкүн болду.

Азырынча өрттүн чыгуу себептери белгисиз.

Өрт өчүрүүчүлөрдүн айтымдарында, өрттөн 40 чарчы метр аянт жабыркаган.

«Бизге эртең мененки саат 8:50дө Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Айгыр-Жал айылынын Айымбетов атындагы мектеби өрттөнүп жаткандыгы тууралуу кабар келип түштү”, — деди Өрттү алдын алуу башкармалыгынын башчысынын орун басары Эрлан Таштанбеков Kloop.kgге берген маегинде.

Анын айтымында, өрт өчүрүүгө айылдын 300дөй жашоочусу катышкан.

Ал Чаткал районунда жааган калың кардан улам өрт өчүрүү тобу мектепке көпкө чейин жете албагандыгын айтты.

«Өрт болуп жаткан жерге чейин үч сааттай убакта араң жеттик», — деди Таштанбеков.

Ал өрттү өчүрүүдө эки өрт өчүрүү тобу иштегендигин кошумчалады.

Мектеп 70 окуучуга ылайыкташтырылып 2001-жылы курулган.

Мектептин директору комментарий алуу үчүн жеткиликсиз болууда.

Автор: Эльдос Казыбеков

Сүрөттүн автору: Евгений Погребняк