АКШ «Манас» Транзиттик жүк ташуу борбору боюнча Кыргызстан менен сүйлөшүүлөрүн улантууда

sheep

АКШнын бийлиги НАТОнун аскерлерин Ооганстанга ташып өтүү үчүн колдонулуп жаткан «Манас» Транзиттик жүк ташуу борборунун жайгашуу мөөнөтүн узарттуу боюнча Кыргызстан менен сүйлөшүүлөрүн улантууда. Кыргызстандын позициясы мурунку бойдон калууда — АКШ 2014-жылы ижара мөөнөтү аяктаган соң базасын чыгарып кетиши керек.

Кыргызстанга 16-январда келген АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча жардамчысы Роберт Блэйктин журналисттер менен болгон 30 мүнөттүк жолугушуусунда «Манас» Транзиттик жүк ташуу борборунун тагдыры негизги темаларды бири болду.

Блэйк  «Манас» Транзиттик жүк ташуу борбору боюнча кеп козголгондо анын НАТОнун коалициялык аскерлери үчүн өтө маанилүү экенин белгилеп, базаны жайгаштыргандыгы үчүн Кыргызстанга ыраазычылыгын билдирип ыракмат айтты.

Мамлекеттик катчынын жардамчысы жүк ташуу борбору боюнча кыргыз бийлиги менен болгон сүйлөшүүнүн жыйынтыктары тууралуу айткан жок, бирок президент Алмазбек Атамбаев менен жолукканда бул маселени козгогондугун билдирди.

«Учурда биз жүк ташуу борбору боюнча талкуу процессиндебиз. Ал талкуулардын жыйынтыгы боюнча алдын ала айтууну каалабайт элем», — деди Блэйк.

Мамлекеттик катчысынын жардамчысы Роберт Блэйк Атамбаев менен жүк ташуу борборунун жайгашуу мөөнөтү боюнча бир нече жолу жолугушуп, маселени талкууга алган, бирок азырынча АКШнын бийлигине жага турган чечим айтыла элек — Атамбаев базанын өлкөдөн чыгарыла тургандыгы жөнүндөгү айткандарын кайталоосун улантууда.

Кыргызстандын президентинин позициясын Орусия бийлиги жактыруу менен кабыл алган:

«Биз Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин 2014-жылдан кийин АКШ менен түзүлгөн борбор боюнча макулдашууну узартпоо жана ал объектини аскердик эмес Эл аралык жарандык транспорт ташуу түйүнү кылып түзүү ниетин жактыруу менен кабыл алдык», – деп билдирген Лукашевич май айынын башында.

Кыргызстандын ордуна Казакстан

Журналисттер ошондой эле НАТОнун аскерлерин Кыргызстан аркылуу эмес Казакстан аркылуу ташып өтүү мүмкүнчүлүгү жөнүндөгү маселени козгошту — мындай маалымат кечээ Казакстандын маалымат каражаттарында пайда болгон.

Бул боюнча Блэйк тараптар аскерлер Ооганстандан чыгарылгандан кийин анда канча аскер калышы керектигин ырастап, макулдашууларга кол койгондон кийин комментарий бере алаарын билдирди.

«Макулдашууларга кол коюлгандан кийин бизге Ооганстандагы жана анын сыртындагы кайсы объектилердин керек экендигин так айтып бере алабыз», — деди АКШ бийлигинин өкүлү.

Транзиттик жүк ташуу борборунун өлкө аймагында жайгашуусу боюнча түзүлгөн келишимдин мөөнөтүнүн аякташы Ооганстандагы америкалык аскерлердин негизги бөлүгүн чыгарып кетүүнүн мөөнөтү менен туура келүүдө. Анда НАТОнун аскер күчтөрү «Талибан» ислам кыймылы менен күрөш алып барууда.

Автор: Эльдияр Арыкбаев