Баткендеги Кара-Шоро айылын облустун башка аймактары менен байланыштырып турган эки унаа жолу тең жабык бойдон калууда. Алардын бири калың жааган кардан улам бир апта мурун жабылган, экинчиси — Сох өзбек анлавы аркылуу өтөт, ал дагы 6-январдагы жаңжалдан кийин тосулган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги унаа жолун 15-январга карата тазалап бүтүрүүнү убадалаган, бирок техниканын баруусуна тоскоол кылган кардын калыңдыгынан улам жол дагы деле жабык бойдон калууда.
«Жол жабык, анткени андагы кардын калыңдыгы бир метрден эки метрге чейин жетет. Техника бара алган жок [...] Жолдун качан ачыларын эч ким билбейт», — деди Ыкчам жардам көрсөтүү тобунун башчысы Мухамбет Сваров андагы кырдаал жөнүндө айтып берип жатып.
Ал айылдыктарга гуманитардык жардам катары ун, шекер, өсүмдүк майы жана кийимдерди тик учактар аркылуу жеткирүүгө туура келип жаткандыгын белгиледи.
Айыл тургундары 30 кыргызстандык барымтага алынган Сохтогу жаңжалга чейин анклав аркылуу өтө турган жолду өтмөк катары пайдаланып келишкен.
Кара-Шоро айылында 45 түтүн калк жашайт.
Сох анклавы аркылуу өтө турган жолдун жабылышына аталган айылдын жашоочулары гана нааразы эмес. 10-январда Сох району менен чектеш айылдардын жашоочулары жолду ачуу талабы менен өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн имаратынын алдында митинг өткөрүшкөн.
Сох аркылуу өткөн жол Баткен облусунун батышы менен чыгышын байланыштырып турган жападан жалгыз унаа жолу болуп эсептелет. Жолдун качан ачылаары азырынча белгисиз.
Автор: Алексей Ким