Кыргызстан Сох анклавындагы чек арасын тикенектүү зым менен тосуп баштады

sheep

Кыргызстан Өзбекстандын Сох анклавы менен болгон чек арасына тикенектүү зым тосмолорду орнотуп жатат. Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүн маалыматы боюнча, аймак эки тараптын макулдашуусу менен тосулуп жатат.

Тосмолорду орнотуу 16-январда башталган, деп билдирди өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Маматжан Бердишев.

«Эки өлкө ортосунда [Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда] макулдашылган чек ара өткөн жер тикендүү зым менен тосулат», — деди Бердишев.

Ал тикендүү зымдар жарандарды коргоо үчүн орнотулуп жаткандыгын айтты.

«Тосуу иштери аймактагы айылдардын жашоочуларынын коопсуздугун сактоо максатында башталды», – деп түшүндүрдү басма сөз катчы.

Чек араны тактоочу комиссиянын мүчөсү, жерге болгон укуктарды каттоо боюнча Баткен райондук башкармалыгынын жетекчиси Абдиназар Эргешов «Азаттык» радиосуна азырынча 10 чакырым чек ара гана тосулаарын билдирген.

«Биз макулдашылган чек аранын ушул Чарбак айылынын жанындагы аймагын тосолу деп жатабыз», – деген ал «Азаттыкка» берген маегинде.

Сох анклавындагы жаңжал 6-январь күнү күндүз, Хушяр өзбек айылынын жашоочулары менен кыргыз чек арачыларынын ортосундагы кагылыштан улам башталган.

Анын чыгышына Сох анклавынын жанындагы кыргыз-өзбек чек ара заставасына электр тогун жеткирүүгө Хушяр өзбек айылынын жашоочуларынын нааразы болушу себеп болгон.

Көп өтпөй Хушяр айылынын жашооочулары 30 кыргызстандыкты барымтага алып алышкан.

Алардын 14ү — аялдар менен балдар — ошол эле түнү бошотулган, калган 16 киши Кыргызстанга бир суткадан кийин — 7-январда сүйлөшүүлөрдөн кийин — өзбек укук коргоо органдарынын жардамы менен кайтып келишкен.

Автор: Александра Ли

Сүрөт «Азаттык» радиосунун сайтынан алынды