Фармацевттер жаңы киргизилген салыктардан улам дарылардын тартыштыгы болоорун билдирип жатышат

apteka

Фармацевтикалык компаниялардын башчылары өлкөгө дары-дармек ташып келе жаткан жүк унаалар чек арада көпкө токтоп туруп калып жаткандыктарын билдиришти. Айтымдарында, ал 2013-жылдын январь айынан баштап күчүнө кирген дары-дармектерге салыктын киргизилишине байланыштуу. Алар белгилешкендей,  мындан улам өлкөдө дары-дармек тартыштыгы болушу мүмкүн.

Дары-дармектерден салык Кыргызстандын Салык кодексине өзгөртүүлөр менен толуктоолор киргизилгенден кийин - үстүбүздөгү жылдын январынан алына баштады. Ал өзгөртүүлөргө ылайык, дарылардын кошумча наркына 12 пайыздан ашпаган салык алынат.

Кыргызстандын фармацевттер ассоциациясы дары-дармектери бар жүк унаалар чек арада көпкө туруп калып жаткандыктан өлкөдө дары тартыштыгы болушу мүмкүндүгүн билдирди.

«Учурда биздин жүктөр бажы өтмөктөрүндө турат, анткени укук коргоо органдары алынып келинген товардын суммасынан акча ала башташты. Аны фармкомпаниялар билишкен эмес, ошондуктан азыр көйгөй жаралып жатат», — деп түшүндүрдү «Аквамед» фармацевтикалык компаниясынын башкы директору Эрнис Асанов.

Фармацевтикалык компаниянын башчысы жакынкы арада дары-дармекке болгон баалардын кымбатташын божомолдоп жатат.

«Негизинен дарыканалар дарылардын өз баасына 10 пайыздан 25 пайызга чейин кошуп сатат. Эми аларга салыктын 12 пайызы да кошулат», — деди Асанов.

Kloop.kg тарабынан сурамжыланган фармацевттер жакында дары-дармекке болгон баалардын жогорулай тургандыгын ырасташты. Алардын кээ бирлеринин айтымдарында, азырынча салык алынбай эле.

«Дарыларга болгон баалар салыктын көлөмүнө жараша жогорулайт. Канча салык кошулса ошончого гана кымбаттайт», — деп билдирди аты-жөнүн айткысы келбеген «Неман» дарыканалар тармагынын фармацевти.

Салык бардык дарылар үчүн эмес

Дары-дармек менен камсыз кылуу департаментинин маалыматы боюнча, салык дарылардын бардыгынан алынбайт.

«Учурда биз өкмөттүн салыктан бошотулган дарылардын тизмесин бекитишин күтүп жатабыз. Биз ал тизмени мүмкүн болушунча кеңейтүүгө аракет кылдык», — деди Дары-дармек менен камсыз кылуу департаментинин алдындагы дарылар боюнча маалыматтык борбордун жетекчиси Замир Акаев.

Өзгөртүүлөргө ылайык, салыктан протез-ортопедиялык буюмдар үчүн колдонула турган жана майыптар үчүн керек болгон дарылар бошотулат.

Парламенттин Социалдык саясат боюнча комитетинин жетекчиси Евгений Лященко Kloop.kgге берген маегинде андай дарылардын тизмеси «жакынкы 10 күндүн ичинде» жарыяланышы керектигин билдирди.

Бирок ал тизмеге канча дары киргизилээрин тактап айткан жок.

Kloop.kgнин кабарчылары дарыларга салык киргизүүнүн себептерин тактап биле алган жок.

Салыкка болгон нааразычылыктар

Дары-дармек каражаттарына болгон баалардын жогорулашы Кыргызстандагы популярдуу «Дизель» форумунун  колдонуучуларынын нааразычылыгын жаратты .

Алардын кээ бири нааразычылыктарын ачык эле билдиришкен:

«Дарылардын кошумча наркына салык киргизүүгө болбойт, мындан карапайым калк гана зыянга учурайт, жоголсун салык!!!!!!» — деп жазган ZigZag Zorro деген ат менен катталган колдонуучу.

Башкалары салык дарылардын бардык эле түрүнө таасирин тийгизе бербестигин жазышкан:

«Жашоого өтө зарыл болгон дарылардын тизмеси түзүлөт деген да вариант бар. Ал тизме дээрлик 300 дарыдан 90го чейин кыскартылган. Бир кызыктай тизме болуп калган. Ага чындыгында эле адам өмүрүн сактап кала турган европалык фармөндүрүүчүлөрүнүн оригиналдуу дарылары эмнегедир кирбей калган», — деп жазган «Дизелдин» KGA деген колдонуучусу.

Алардын кээ бирлеринин айтымдарында, салык азыр эле таасирин тийгизе баштаган:

«Тромбопол дарысын үйүмдүн жанындагы дарыканадан ар дайым 70 сомдон эле алчумун, кечээ барсам 110 сом болуп калыптыр», — деп жазган tara аттуу колдонуучу.

Автор: Мария Гребнева