Өзбекстан кыргызстандыктар үчүн чек арасынын бир бөлүгүн жапты

Фoбь mo091016_6

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасындагы үч эл аралык өткөрмө бекети жарандардын өтүүсү үчүн жабылды. Кыргыз чек ара кызматы коңшу өлкө бул маселени Кыргызстан менен макулдашпагандыгын билдирди. Сурамжыланган саясий талдоочулар муну Сох анклавындагы жаңжал менен байланыштырып жатышат.

Чектөөлөр Ош облусундагы «Достук-автодорожный», Жалал-Абад облусундагы «Маданият-автодорожный» жана «Кенсай-автодорожный» өткөрмө бекеттеринде киргизилген,  деп жазылган Кыргызстандын Чек ара аскерлигинин пресс-релизинде.

Ал билдирүүгө ылайык, аталган өткөрмө бекеттер 18-январь күнү бир тараптуу тартипте иштеген: Кыргызстандын жарандарына коңшу өлкөнүн аймагынан чыгууга, а Өзбекстандын жарандарына өз республикасына кирүүгө уруксат берилген.

«Өзбек тарап Өзбекстандын аймагы аркылуу  авибилеттери бар Кыргызстандын транзиттик жүргүнчүлөрүн гана өткөрүп жатат», – деп билдирүүдө Кыргызстандын чек ара аскерлиги.

Ал чектөөлөр Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандарына гана тиешелүү  жана өзбек тарап ал чечимди расмий эскертүүсүз эле кабыл алган, деп жазылган пресс-релизде.

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы бул боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

Kloop.kg тарабынан сурамжыланган саясий талдоочулар чек ара Сох өзбек анклавындагы жаңжалдан улам жабылды деп эсептешет.

Саясий серепчи Марс Сариев Өзбекстандын чек араларды жабуу маселесин Кыргызстан менен макулдашпагандыгы өлкөлөр ортосундагы абалдын олуттуу экендигинен кабар берип тургандыгын айтты.

«Өзбекстан менен болгон бул көйгөйдү тезирээк жөнгө салыш керек. Сохтогу абал турукташмайынча өзбек тарап чек арадагы өткөрмө бекеттерин жабык кармайт», – деди Сариев Kloop.kgге берген маегинде.

Башка саясий талдоочу Токтогул Какчекеев Өзбекстандын чектөөлөрдү Сохтогу жаңжалдан кийин киргизишин «кадимки көрүнүш» деп эсептейт.

«Бул нормалдуу эле. Жаңжалдар болгондо чек аралар автоматтык түрдө жабылат», – деди ал.

Сохтогу жаңжал

Сох анклавындагы жаңжал 6-январь күнү күндүз, Хушяр өзбек айылынын жашоочулары менен кыргыз чек арачыларынын ортосундагы кагылыштан улам башталган.

Анын чыгышына Сох анклавынын жанындагы кыргыз-өзбек чек ара заставасына электр тогун жеткирүүгө Хушяр өзбек айылынын жашоочуларынын нааразы болушу себеп болгон.

Көп өтпөй Хушяр айылынын жашооочулары 30 кыргызстандыкты барымтага алып алышкан.

Алардын 14ү — аялдар менен балдар — ошол эле түнү бошотулган, калган 16 киши Кыргызстанга бир суткадан кийин — 7-январда сүйлөшүүлөрдөн кийин — өзбек укук коргоо органдарынын жардамы менен кайтып келишкен.

Учурда Баткен облусунун жергиликтүү бийлиги аймактагы абалды «туруктуу»  деп баалап жатышат. Бирок анклавдын айланасындагы чек ара эки өлкөнүн жарандары үчүн тең жабык бойдон калууда.

Автор: Мария Гребнева