Президенттин аппараты: Закир Тиленовдун кызматтан кетиши Сох анклавындагы жаңжалга байланыштуу эмес

E395B9E5-9DAB-49C9-8B21-F9F779DB0354_mw800_s

Президенттин басма сөз кызматы Чек ара кызматынын башчысы Закир Тиленовдун кызматтан кетиши Сох өзбек анклавындагы жаңжалга байланыштуу эмес деп билдирүүдө. Анда январдын башында Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандарынын ортосунда кагылышуу орун алган.

Президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен Чек ара кызматынын төрагасы Закир Тиленов ээлеген кызматынан бошотулду. Анын ордуна «Ар-Намыс» фракциясынан депутат Токон Мамытов дайындалды.

«Президенттин указы менен Токон Мамытов Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Президенттин башка буйругу менен Закир Тиленов ээлеген кызматынын бошотулду», — деди Атамбаевдин аппаратынын маалыматтык саясат маселелери боюнча кеңешчиси Абдил Сегизбаев Kloop.kgге берген маегинде.

Анын пикиринде, Тиленовдун кызматтан четтетилиши Сох анклавындагы жаңжалга байланышгтуу эмес.

«Мен аны Сох анклавындагы жаңжал менен байланыштырбайт элем», — деп кошумчалады Сегизбаев.

Закир Тиленов комментарий берүүдөн баш тартып, мындан ары ага журналисттердин телефон чалуусун каалабай жаткандыгын кошумчалады.

Саясий талдоочу Токтогул Какчекеев Тиленов Сох анклавынын жанындагы окуяга байланыштуу кызматтан кетти деп эсептейт.

«Ооба, ошондой экени көрүнүп турат. Анткени ар бир офицер, ар бир жетекчи мамлекеттик маселелерди белгиленген көлөмдө аткарышы керек, бирок ал анте алган жок», — деди Какчекеев Kloop.kgге берген маегинде.

Анын эсеби боюнча, бул Кыргызстанда офицердин өз каалоосу менен кызматтан кеткен биринчи учуру.

Сохтогу жаңжал

Сох анклавындагы жаңжал 6-январь күнү күндүз, Хушяр өзбек айылынын жашоочулары менен кыргыз чек арачыларынын ортосундагы кагылыштан улам башталган.

Анын чыгышына Сох анклавынын жанындагы кыргыз-өзбек чек ара заставасына электр тогун жеткирүүгө Хушяр өзбек айылынын жашоочуларынын нааразы болушу себеп болгон.

Көп өтпөй Хушяр айылынын жашооочулары 30 кыргызстандыкты барымтага алып алышкан.

Алардын 14ү — аялдар менен балдар — ошол эле түнү бошотулган, калган 16 киши Кыргызстанга бир суткадан кийин — 7-январда сүйлөшүүлөрдөн кийин — өзбек укук коргоо органдарынын жардамы менен кайтып келишкен.

Учурда Баткен облусунун жергиликтүү бийлиги аймактагы абалды «туруктуу»  деп баалап жатат. Бирок анклавдын айланасындагы чек ара эки өлкөнүн жарандары үчүн тең жабык бойдон калууда.

Автор: Эльдос Казыбеков