Дарыгерлер: Жаныш Бакиевдин мурунку жардамчысы тергөө абагында «өлүп калышы мүмкүн»

bisДунгановhkek10435

7-апрель окуялары боюнча өтүп жаткан сот жыйынына эксперт катары чакырылган дарыгерлер эгер, Мамлекеттик күзөт кызматынын башчысынын мурунку орун басары Данияр Дунганов тергөө абагында калтырылса өлүп калышы мүмкүн экендигин билдиришти. Айтымдарында, учурда анын саламаттыгы бир топ эле начар. Дунганов мамлекеттик төңкөрүш маалында демонстранттарга каршы ок атуу жөнүндөгү буйрукту аткарган деп айыпталып жатат.

Соттун 21-январындагы жыйынында Республикалык Кан тамырлар хирургиясы борборунун директору Мамбетакун Намазбеков Дунгановду тергөө абагында калтырышса ал майып болуп калышы мүмкүн экендигин билдирди.

Дарыгерлердин айтымдарында, Дунганов мээ атеросклерозу менен жабыркайт жана ага операция талап кылынат.

«Оорулууга дароо эле операция жасоого болбойт. Мен адис катары айтып жатам, алгач аны операцияга даярдаш керек. Биринчи кезекте ооруканага жаткыруу керек», — деди Намазбеков.

Аны Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин аскердик-медициналык кызматынын башчысы Нияз Алдашев да колдоп, Дунгановдун саламаттыгы эки жарым жылдан бери «прогрессивдүү начарлап келгендигин» кошумчалады.

Алдашев айыпталып жаткан адам эки жарым жылдан бери жаткан тергөө абагында эмес, Саламаттык сактоо министрлигинин ооруканаларында дарыланууга муктаж экендигин кошумчалады.

«Учурда анын жүрөгү, ошондой эле уйку жана перифериялык артериялары жабыркоодо. Андан сырткары мээси жана колдору менен буттарына кандын жетиши кыйындап жатат. Акырындык менен майып болуп калуу коркунучу пайда болууда, ал өлүмгө да алып келиши мүмкүн», —деди сот жыйынында Алдашев.

Судья соттун мурунку жыйынында Дунгановдун саламаттыгынын «оор» экендигине карабастан аны тергөө абагынан үй камагына чыгаруудан баш тарткан.

Дунганов 80ден ашык адам курман болгон 2010-жылдагы апрель революциясында жетекчиси Жаныш Бакиевдин митинг катышуучуларына каршы ок атуу боюнча берген буйругун аткарган деп айыпталып жатат.

Бирок Мамлекеттик күзөт кызматынын башчысынын мурунку орун басары анын дарегине айтылган айыптоолордун бардыгын четке кагып жатат.

Ал өзүнүн 16-январдагы көрсөтмөсүндө митингтин катышуучуларына каршы ок атуу буйругун бербегендигин, жөн гана жетекчиси Жаныш Бакиевдин талаптарын аткаргандыгын билдирген.

Автор: Хлоя Гейне