Футбол: Кыргызстан менен Орусиянын беттешүүсү тең чыгуу менен аяктады

bishkek10435

Кыргызстандын жаштар курама командасы футбол боюнча Шериктештер кубогу үчүн Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан мелдеште Орусиянын командасы менен беттешип, 0:0 эсебинде тең чыгууга жетишти.

Анарбек Ормонбековдун тарбиялануучулары Орусиянын жаштар курама командасынын кысымына туруштук бере алды, бирок ал үчүн кээ бир учурларда орой ойноого туура келди.

Бул оюндун акыркы мүнөттөрүндө Кыргызстан курама командасынын оюнчусу Марат Ажыниязовдун оюндан четтетилишине алып келди.

Кыргызстандын курама командасы кооптуу учурларды өтө көп жараткан жок. Оюндун биринчи жарым бөлүгүндө «Дордойдун» оюнчусу Каюмжан Шарипов жыйынтыктуу чабуулга жакындаган, бирок анын соккусу дарбазадан кайып кетти.

Экинчи жарым бөлүктө кыргызстандыктар коргонууга өттү.

Оюндан кийинки маалымат жыйынында Орусия командасынын машыктыруучусу Николай Писарев кыргызстандыктардын тактикасын сынга алды.

«Алар биз менен тең чыгууну аябай каалагандыктан убакытты атайылап созушту. Жыйынтыгында, биз жалпы ойноо убактысынан 30 пайызга аз убакыт ойной алдык, бул деген мүмкүн эмес да», – деп билдирди Писарев.

Кыргызстан курама командасынын машыктыруучусу Анарбек Ормонбеков оюндун жүрүшүндө анын командасы «тынымдарды жасагандыгын» жашырбайт, бирок ал аны убакытты атайылап созуу деп эсептебей тургандыгын айтты.

«Оюндун алдында берилген көрсөтмө жөнөкөй болчу: оюнду нөл нөл эсебинде жыйынтыктоо. Аны биз аткардык, бирок чеберчилигибиз менен эмес, коргоодогу көп футболчулардын саны жана контр чабуулга чуркап чыгып турган дагы бир оюнчу менен», – деди Ормонбеков.

Өткөн жума күнү болгон мелдештин биринчи айлампасында Кыргызстан коңшу Казакстандын курама командасы менен беттешип, 1:3 эсебинде жеңилип калган.

Бул орусиялыктардын экинчи жолу тең чыгуусу — алар мелдештин биринчи айлампасында Өзбекстандын курама командасы менен кез келишип, оюн 2:2 эсебинде жыйынтыкталган.

21-январда өтө турган В тобунун акыркы айлампасында Кыргызстан Өзбекстан менен, а Орусия Казакстан менен беттешет.

Экинчи айлампадан кийин Кыргызстан бир упайы менен өз тобунда акыркы орунда келе жатат, бирок бир топтон эки же үч команда чыга турган чейрек финалга өтүү мүмкүнчүлүгүн сактап калууда.

Теория боюнча, Кыргызстандын курама командасы Өзбекстан менен болгон беттешинде тең чыккан күндө да мелдештин кийинки баскычына өтүп кетиши мүмкүн. Бирок анда Ормонбековдун командасы параллель өтө турган Казакстан менен Орусиянын беттешинде эки топ айырмасында казактардын жеңишке жетишине, ошондой эле башка топтордо үчүнчү орунга илинген командалардын төмөнкү көрсөткүчкө ээ болуусуна үмүт кылышы керек болуп калат.

Шериктештер кубогу – былтыркы жылга чейин КМШ жана Балтия өлкөлөрүнүн чемпион клубдарынын ортосунда өтүп келген кышкы мелдеш. Өткөн жылдан баштап мелдештин эрежелерине өзгөртүүлөр киргизилип, учурда анда мурунку Советтер Союзунун курамына кирген өлкөлөрдүн жаштар курама командалары күч сынашып жатышат.

Автор: Бектур Искендер