КТРКнын «сабалган» журналисттери Кулбаевдин балдарын «аяп» арыздарын алышты

bishkek10435ОТРК

Жабыр тарткан кабарчылар аларга кол көтөргөн Айдин Кулбаевдин балдарын «аяп» жазган арыздарын кайрадан алышты. Кулбаевдин жактоочусунун айтымында, кабарчылар тергөөчүлөрдө «сабалган» журналисттердин көрсөтмөлөрүнүн туура эмес экендигин далилдей турган видео бар болгондуктан арыздарын алышкан.

Кулбаевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов журналисттер арыздарын алып «туура кылышты» деп эсептейт.

«Мен муну туура чечим деп эсептейм, анткени сот эмне менен бүтмөк белгисиз», – деди ал Kloop.kgге берген маегинде.

Жактоочусунун айтымында, Кулбаевдин үйүнүн сыртына орнотулган камерадагы видеодо окуя болгон маалда журналисттердин жыгылбагандыгы көрүнүп турат.

«Ширин Асанакунова беттештирүү маалында аны 6-7 жолу башка ургандыгын, жерге жыгылып калып Кулбаевден жөрмөлөп кетүүгө мажбур болгондугун айткан. Сапаты өтө начар болгону менен видео көзөмөл камерасында эч кимдин жыгылбагандыгы көрүнүп турат», – деп билдирди Айткулов.

Жабыр тарткан журналисттердин бири Ширин Асанакунова Айткуловдун айткандарын четке какты.

«Мен азыр эле Икрамидин Айткуловдун бизде эч нерсе болбогондугу көрүнүп турган видео бар деп айтканын окудум. Ушинтип кантип айтсын? Алар келип өтүнүшкөн, анан биз балдарын аяп арызыбызды алганбыз», – деди Асанакунова Kloop.kgге берген маегинде.

Ал арыздарын Кулбаевдин туугандарынын өтүнүчү менен алгандыктарын айтты.

«Алар [Кулбаевдин ата-энеси] анын кичинекей балдары бар, арызыңды алчы, суранабыз. Уулубузду туура эмес тарбиялагандыгыбыз үчүн биз күнөлүүбүз, деп айтышты», – деди Асанакунова шектүүнүн ата-энесинин сөздөрүн айтып берип жатып.

Ал жабыр тарткан эки журналисттин дарылануусуна кеткен каражатты толугу менен КТРК төлөгөндүгүн кошумчалады.

Жабыр тарткан экинчи журналист Бурулай Пусурманкулова комментарий алуу үчүн жеткиликсиз болууда.

КТРКнын журналисттерине 7-январь күнү, Бишкектин түштүгүндөгү үйлөрдүн электр энергиясы үчүн акы төлөбөгөн жашоочулары тууралуу сюжет тартып жүргөн маалда кол салынган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Кулбаев журналисттерди «сабагандан» кийин унаасына отуруп качып кеткен.

Бишкек шаардык кеңешин шайлоодо теледебаттарды алып барган Асанакунова башына 8-9 жолу сокку жегенин, алардын экөөсү микрофон менен урулгандыгын билдирген.

Кулбаев анын кесиптешин эки же үч жолу урган.

Автор: Мария Гребнева

Редактор: Алексей Ким