Кыргыз бийчиси Нью-Йоркто Бейонс жана Jay-Z менен бир сахнада бийлейт

bishkek10435ОТРК

Бишкектик дизайнер жана теле алып баруучу Ассоль Молдокматованын уулу Жан Воинов 22-январда баскетбол командалары «Нью-Йорк Никс» менен «Бруклин Нетстин» беттешинде америкалык жылдыздар — поп-ырчы Бейонс Ноулс жана рэппер Jay-Z менен бир сахнага чыгат.

НБА лигасынын оюндары Нью-Йоркто 21-январда (Бишкек убактысы боюнча 22-январда) өтөт.

Воинов америкалык ырчылар жана актерлор менен сахнага Нью-Йорк убактысы боюнча 15:30 (Бишкек убактысы боюнча 2:30) чыгат.

Баскетбол боюнча мелдеш бир кездерде Элвис Пресли, Джон Леннон жана Майкл Джексон сыяктуу ырчылар ырдаган белгилүү «Мэдисон-сквер-гарден» спорт аянтында өтөт.

Воинов 16 жашта, бий менен үч жылдан бери алектенип келет. Ал Бишкектеги«Let’s Dance» деген бий студиясында жаштарга бий чеберчилигин үйрөтөт.

Ал дүйнөлүк мелдештерде локинг, поппинг жана хип-хоп стилдери боюнча 27 жолу биринчи жана экинчи орундарга ээ болгон.

Воинов өткөн аптада Лос-Анджелесте жыл сайын өтүп турчу «Flava of the Year» биринчилигинде жеңишке жеткен.

Автор: Мария Гребнева

Сүрөттүн автору: Ильяс Нурмамбетов