Техникалык себептерден улам өкмөттүн сайты ишин токтотту

bishkek10435

Өкмөттүн интернет-порталы 21-январь күнү болжол менен саат 10:30дардан баштап иштебей калды. Басма сөз кызматы аны күндүн аягына чейин оңдоп бүтөөрүн билдирүүдө. Сайтты тейлеп жаткан компания ал мүчүлүштүктөр тууралуу эч нерсе билбейт.

Интернет-ресурска кирүү аракетин көргөндө ката кетти, «веб-баракча жеткиликсиз» деген жазуу пайда болууда. Ката жөнүндөгү билдирүүдө өкмөттүн www.gov.kg сайтына кошулуу үзүлдү деп жазылган.

Өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы алардын техникалык жумушчулары сайтты калыбына келитрүүнүн үстүндө иштеп жаткандыктарын билдирди.

«Учурда анын себептери аныкталууда. Бул сервер менен болгон көйгөйлөр. Менин оюмча, күндүн аягына чейин иштеп калат», – деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Өкмөттүн аппаратынын интернет-ресурсун тейлеп келген «Азияинфо» компаниясынын кызматкери Алексей сайттын иштебей калгандыгы жөнүндө эч нерсе билбестигин айтты.

«Азырынча бул боюнча маалымат бере албайм. Домен активдүү», – деп билдирди ал.

Алексей аларга сайтты оңдоп берүү өтүнүчү менен өкмөттүн аппараты кайрылбагандыгын кошумчалады.

«Өкмөттүн сайтында көйгөйлөрдүн бар экендиги тууралуу маалымат жок. Бизге түздөн-түз эч ким кайрыла элек, эгер кайрылышса ал көйгөйдү чечебиз», – деди ал.

Бул өкмөттүн сайтынын биринчи жолу өз ишин убактылуу токтотушу эмес. 2012-жылдын августунун аягында интернет-порталга чабуул жасалган. Анда чабуул жасалган күнү түшкө чейин сайттын негизги бетинде арабча жазуулар менен Сириядагы өкмөткө каршы митингдер жана андагы согуштардын видеолору көрүнүп турган.

28-августтагы эртең мененки сайтта жазылган жазууларга ылайык, өкмөттүн порталына «HP-Hack» Dr-TaiGaR жана [NeT-DeviL] топтору тарабынан чабуул жасалган — аталган хакерлер 27-августта Крымдын мамлекеттик сайтына да чабуул жасашып, аны бузуп ачышкан.

Сайт чабуул жасалган күндүн эртеси калыбына келтирилген.

Автор: Александра Ли