Баткен облусу: Сох анклавын айланып өтүүчү жол жарым-жартылай пайдаланууга берилди

IMG_0064_

Сох өзбек анклавын айланып өтүүчү жолду оңдоо иштери уланууда, бирок өтө зарыл болгон учурларда ал аркылуу азыр деле өтсө болот, деп билдиришти өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн.

Өкмөттүн өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Маматжан Бердишевдин айтымында, учурда 14 чакырымдык жолдун 11 чакырымынын абалы жакшы жана ал бөлүгү аркылуу эч тоскоолдуксуз эле өтүүгө болот.

«11-чакырымына чейин жол жакшы, а андан ары көйгөйлөр бар. Калганы тоо аркылуу өтөт, ошондуктан жардыруу иштери жүрүп жатат. Эгер өтө зарыл болсо жашоочулар ал жол аркылуу өтө алышат», – деди Бердишев.

Ал жол бир же бир жарым айдан кийин толук пайдаланууга берилээрин билдирди.

Куткаруучулар аталган жолду пайдаланып Сох өзбек анклавы аркылуу өтө турган жол жабылгандан кийин камалып калган айылдарга азык-түлүк жана көмүр жеткире баштады.

Ал жол 2013-жылдын 7-январында, Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандарынын ортосундагы кагылыштан кийин жабылган.

Жабылаары менен дароо эле чектеш айылдын 200дөй тургуну өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн имаратынын алдына митингке чыгып, жолдун ачылышын же анклавды айланып өтө турган жолдун оңдолушун талап кылышкан.

Кыргызстандын бийлиги анклав аркылуу өтө турган жолду Өзбекстан жаңжал учурунда жабыр тарткан кыргызстандыктардын чыгымдарын калыбына келтиргенден кийин гана ача тургандыгын билдирүүдө.

Жакынкы убактарга чейин Сох анклавы аркылуу өтүүчү жол Баткен облусунун чыгыш бөлүгү менен батышын байланыштырып турган жападан жалгыз жол болуп келген.

Автор: Мария Гребнева

Сүрөт «Азаттык» радиосунун сайтынан алынды