Бишкек мэриясы Отунбаеванын уулу орноткон чырактарды кайрадан алды

IMG_0064_

Бишкекмэриясы экс-президент Роза Отунбаеванын уулу Атай Садыбакасов тарабынан орнотулган Жаш Гвардия гүлбагындагы 6 чыракты кайрадан алды. Расмий себеби уруксат бере турган документтеринин жоктугу.

Жаш Гвардия гүлбагындагы Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларынын эстеликтерине орнотулган алты чырак 22-январь күнү, эртең менен кайрадан алынды.

Бишкек мэриясы Садыбакасовдун алынган чырактарынын ордуна кытай жумушчулары жаңыларын орното тургандыгын айтып, убада берүүдө.

Жарык чырактары Кыргызстандын өкмөтүнүн алдындагы Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын токтомуна ылайык алынды.

Буга чейин Бишкектин вице-мэри Вячеслав Красиенко эстеликтерге чырактарды орнотууда алар «оюлуп» калган деп Отунбаеванын уулун айыптаган.

Садыбакасов Kloop.kgге берген маегинде эстеликтердин пайдубалдары гана тешилип, жогору жактары бузулбагандыгын айтып, түшүндүргөн.

Ал ошондой эле эгер чырактар техникалык талаптарга жооп бербесе кайрадан жасап чыгууга даяр экендигин белгилеген.

Чырактардын мыйзамдуулугу тууралуу талаш-тартыш эки аптадан бери уланып келет, бирок бул Роза Отунбаеванын уулунун Киев көчөсүнө андан башка чырактарды орнотуусуна тоскоолдук кылган жок.

«Биз башка эки жарандын финансылык жардамы менен Киев жана Токтогул көчөлөрүнүн ортосундагы бөлүккө чырактарды орноттук. Бирок бул «Бишкексвет» менен макулдашылган, алар каршы болгон жок», — деди Садыбакасов.

Алдыдагы пландары тууралуу берилген суроого Садыбакасов жарандык топ менен бирге мындан ары да шаарды жарыктандыруу маселеси менен алектенүүнү пландап жаткандыгын билдирди.

Садыбакасов акция башталгандан бери Бишкекке жалпысынан 46 жарык диоддору бар жол чырагын орноткон, айтымында, аларды беш жылга чейин алмаштырбай коюууга мүмкүн.

Ал белгилегендей, алгачкы 22 чыракты орнотуу үчүн 30 миң сом каражат сарпталган.

Автор: Хлоя Гейне

Редактор: Алексей Ким