Кыргызстан Шериктештер кубогунун чейрек финалдык бөлүгүнө өтпөй калды

dunganov

Шериктештер кубогундагы Кыргызстан менен Өзбекстандын жаштар курама командаларынын ортосундагы беттеш 2:2 эсебинде тең чыгуу менен аяктады. Бул жыйынтык Арманбек Ормонбековдун командасы мелдештин кийинки айлампасына өтпөйт дегенди билдирет.

Кыргызстан кийинки айлампага өтүшү үчүн топтук этаптагы акыркы оюнда Өзбекстандын командасын утушу керек болчу.

Оюн кыргызстандыктан үчүн жагымсыз башталды — биринчи бөлүктүн 25-мүнөтүндө Өзбекстан командасынын чабуулчусу эсепти ачты.

Төрт мүнөттөн кийин Кыргызстан командасынын оюнчусу Акрам Умаров айып кагазын алып, кыргызстандыктар азчылыкта калды.

Бирок биринчи бөлүктүн соңунда кыргызстандык команданын анабашчысы Валерий Кичин эсепти теңесе, 57-мүнөттө «дордойчу» Каюмжан Шарипов дагы бир топ киргизип кыргызстандыктарды алдыга чыгара алды.

Бул жыйынтык Кыргызстанды чейрек финалдык бөлүккө өткөргөн, бирок Өзбекстандын оюнчусу Тимур Хакимов 71-мүнөттө эсепти теңеп, чыгыш коңшусунун мүмкүнчүлүктөрүн жокко чыгарды.

Футбол боюнча башка мелдештердин көпчүлүгүнөн айырмаланып мында топтон чыкпай калуу команданын мелдештен четтетилишин билдирбейт — өз тобунда акыркы орунга ээ болгон Кыргызстан эми 9-орун үчүн мелдештин башка начар көрсөткүчкө ээ болгон командалары менен беттешет.

Авантюралуу футбол

Оюндан кийин Кыргызстан курамасынын башкы машыктыруусу Анарбек Ормонбеков өз командасын мактады.

«Мен балдардын эрктерин көрсөтө алгандыктары үчүн кубанычтамын, биз он оюнчу менен калсак дагы алдыга чыга алдык», – деди ал.

Өзбекстан курамасынын машыктыруучусу Ахмаджон Мусаев алгач оюндун башталышында оюн талаасына команданын экинчи курамын чыгаргандыгын, бирок утулуп баштаганда дароо эле алты оюнчуну алмаштырууга мажбур болгондугун моюнуна алды.

«Балким, мен муну эртерээк кылганымда жеңишке жетмекпиз, а мындай эсепти гана теңей алдык. Кесиптешиме кооз, кээ бир учурларда тобокелдүү да болуп кеткен футбол үчүн ыракмат айтам», – деди ал оюндан кийин.

Кыргызстан топтук айлампанын жыйынтыгы боюнча коңшу Өзбекстан менен гана эмес, мелдештин ээси болгон Орусия курама командасы менен беттешүүсүндө да тең чыгууга жетишип, 2 упайга ээ болду.

Орусия менен Өзбекстан 5 упайдан алышты, бирок топтордун айырмасы боюнча борборазиялык курама команда экинчи болуп классифицкацияланды.

Казакстандын тагдыры эртең, С тобундагы оюндар аяктагандан кийин белгилүү болот.

Мелдештин чейрек финалына ар бир топтон биринчи жана экинчи орундарга ээ болгон жана үчүнчү орунга жетишкен үч команданын экөөсү чыгат.

Шериктештер кубогу – былтыркы жылга чейин КМШ жана Балтия өлкөлөрүнүн чемпион клубдарынын ортосунда өтүп келген кышкы мелдеш. Өткөн жылдан баштап мелдештин эрежелерине өзгөртүүлөр киргизилип, учурда анда мурунку Советтер Союзунун курамына кирген өлкөлөрдүн жаштар курама командалары күч сынашып жатышат.

Автор: Шерзод Бабакулов

Редактор: Бектур Искендер