Президенттин жаңыланган сайты январдын соңунда ишке киргизилет

президент dunganov

Президенттин веб-сайтынын жаңы версиясы январдын аягында ишке киргизилет, деп убада берди өлкө башчысынын басма сөз кызматы. Сайтты жаңылоо 2012-жылдын августунан бери кийинкиге жылдырылып келе жатат.

Акыркы жарым жылдан бери президенттин аппаратынын кызматкерлери өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин сайтынын тышкы көрүнүшүн өзгөртүүнү төртүнчү жолу убадалап жатат.

Президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Алмаз Үсөнов билдиргендей, бул жолкусунда сайт үстүбүздөгү жылдын январынын аягына же февраль айынын башталышына чейин өзгөртүлөт.

Ал сайтты ишке берүүнүн бир нече жолу жылдырылышын архивдик сүрөттөр менен видеолордун учурдагы версиясынан жаңы версиясына «көпкө» көчүрүлгөндүгү менен түшүндүрдү.

«Сайтты жаңылоо — бул узак процесс. Анткени болгон материалдарды, архивди, жаңылыктарды, видеолорду толугу менен жаңы сайтка көчүрүү керек. Балким ушул үчүн да кечиктирилгендир», — деди Үсөнов Kloop.kgге берген маегинде.

Ал сайтты өзгөрткөндөн кийин өлкө башчысына кат жөнөтүү, окуялардын картасы жана навигациялык системалар сыяктуу жаңы киргизилген функцияларды атап берди.

«Навигациялык элементтер кошулду, дагы кайтарым байланыш функциясын аткара турган өтө пайдалуу системалар киргизилди», – деп түшүндүрдү Үсөнов.

Сайттын учурдагы версиясында издөө кызматы жок, ошондой эле «Блог», «Программалар жана долбоорлор» бөлүмдөрү Атамбаев иштеп баштаган 2011-жылдын аягынан баштап бир дагы жолу жаңыланган эмес.

Президенттик сайттардын тарыхы

president.kg дарегиндеги кыргызстандын президентинин порталы биринчи президент Аскар Акаевдин учурунда ишке киргизилген – домен 2001-жылдын январында катталган.

Бүгүнкү күнгө карата «Веб-архив» долбоорунда сакталып калган веб-сайттын эң эски версиясы 2001-жылдын 18-февраль деген убактыны көрсөтүп турат – анда веб-сайт көгүлтүр жана ак түстө болуп, Акаевдин «Туруктуу өнүгүү жана жакшы жакка өзгөрүүлөр үчүн» деген лозунгу менен ачылып турган.

2002-жылы сайт олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болуп, күрөң түскө боелгон.

2004-жылы дагы өзгөртүүлөр болуп, президенттин жаңылыктарынын үзгүлтүксүз жаңыланып туруу кызматы пайда болгон, ошондой эле кайра көгүлтүр ак түскө кайтып келген.

2005-жылдагы революциядан кийин сайтта бир жолу – Курманбек Бакиев президент болуп турган 2008-жылы олуттуу өзгөртүүлөр болуп, жаңыланган.

Президент доменин жоготкон

Бир нече убакыт бою president.kg доменин Бакиевдин ордуна келген убактылуу өкмөт көзөмөлдөй алган эмес – убактылуу өкмөттүн, андан кийин президент Роза Отунбаеванын сайты 2010-жылдын декабрына чейин Kyrgyz-el.kg. дарегинин базасында болуп келген.

2010-жылдын декабрында гана Кыргызстандын президенти өзүнүн сайтына кайрылып келген.

Мамлекет башчысынын сайтынын учурдагы версиясын «Юник Технолоджис» компаниясы иштеп чыккан.

Компаниянын менеджери Тагай Исмаилов алар сайтты 2010-жылы «бекер эле» жасап беришкендигин билдирди.

Ал 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин бийлик каржы каатчылыгына дуушар болуп турганда компания сайтты иштеп чыгып берип, колдоо көрсөтүү чечимине келгендигин айтты.

Автор: Эльдос Казыбеков