Жаныш Бакиевдин «оор абалдагы» мурунку жардамчысы тергөө абагынан үй камагына чыгарылды

dunganov

Мамлекеттик күзөт кызматынын башчысынын мурунку орун басары Данияр Дунганов аны ооруканага жаткырбаса «өлүп калышы мүмкүн» деген медициналык эксперттердин билдирүүлөрүнөн кийин үй камагына чыгарылды. Дунганов 2010-жылдагы мамлекеттик төңкөрүш маалында демонстранттарга каршы ок атуу жөнүндөгү буйрукту аткарган деп айыпталып жатат.

2010-жылдагы апрель окуялары боюнча өтүп жаткан сотко эксперт катары чакырылган дарыгерлердин билдирүүлөрүнөн кийин сот Дунгановду үй камагына бошотуу өкүмүн чыгарды.

«Дунганов катуу ооруп жаткандыктан анын баш коргоо чарасы өзгөртүлсүн. Ошондой эле Дунганов качып кетет деп болжолдоого эч негиз жок, анткени ал тергөө менен кызматташып жатат. Дунгановдун мындар ары камакта болуусу анын өмүрүнө коркунуч алып келет», — деп билдирди судья.

Дарыгерлер айыпталып жаткан Мамлекеттик күзөт кызматынын башчысынын мурунку орун басары «оор абалда», эгер аны убагында ооруканага жаткырбаса өлүп калышы мүмкүн деп билдиришкен.

Дарыгерлердин айтымдарында, Дунганов мээ атеросклерозу менен жабыркайт жана ага операция талап кылынат.

«Оорулууга дароо эле операция жасоого болбойт. Мен адис катары айтып жатам, алгач аны операцияга даярдаш керек. Биринчи кезекте ооруканага жаткыруу керек», — деди Республикалык Кан тамырлар хирургиясы борборунун директору Мамбетакун Намазбеков.

Аны Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин аскердик-медициналык кызматынын башчысы Нияз Алдашев да колдоп, Дунгановдун саламаттыгы эки жарым жылдан бери «прогрессивдүү начарлап келгендигин» кошумчалаган.

Айыпталып жаткан Күзөт кызматынын башчысынын мурунку орун басары тергөө абагында эки жарым жылдан бери камакта жатат.

Алдашев айыпталуучу тергөө абагында эмес, ооруканага жатып дарыланышы керектигин кошумчалады.

Дунгановдун үй камагына бошотулушуна Ысык-Көл облусунун Тоң жана Жети-Өгүз райондорунун эки миң жашоочусунун кепилдиги жана анын «жакшы» аброю кошумча негиз болуп берди.

Ошондой эле ал үчүн парламенттин бир нече депутаты да кепилдиктерин беришкен.

Сот өткөн жыйынында Дунгановдун саламаттыгынын «оор абалына» карабастан аны тергөө абагынан үй камагына бошотуудан баш тарткан.

Дунганов 80ден ашык адам курман болгон 2010-жылдагы апрель революциясында жетекчиси Жаныш Бакиевдин митинг катышуучуларына каршы ок атуу боюнча берген буйругун аткарган деп айыпталып жатат.

Бирок Мамлекеттик күзөт кызматынын башчысынын мурунку орун басары анын дарегине айтылган айыптоолордун бардыгын четке кагып жатат.

Ал өзүнүн 16-январдагы көрсөтмөсүндө митингтин катышуучуларына каршы ок атуу буйругун бербегендигин, жөн гана жетекчиси Жаныш Бакиевдин талаптарын аткаргандыгын билдирген.

Автор: Хлоя Гейне