Акун кайрадан акыйкатчы болуп шайланды

akun

Учурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун 51 депутаттык добушка ээ болуп өз кызматында дагы беш жылга калды. Депутат Турсунбай Бакир уулу 35 добуш алды.

Турсунбек Акун добуш берүүнүн экинчи турунда жеңишке жетти. Эми ал акыйкатчы институтун алдыдагы беш жылдык мөөнөтү аяктаганга чейин башкарат.

«Мага добуш бергендердин бардыгына ыраазычылык билдирем», — деди Акун акыйкатчы кызматына кайрадан шайлангандан кийин.

«Ар-Намыс» фракциясынан депутат Турсунбай Бакир уулу менен учурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун 20 добуштан алып, тең чыгып калгандыктан добуш берүүнү эки турга бөлүүгө туура келди.

Бакир уулу Турсунбек Акунга чейин Кыргызстандын алгачкы акыйкатчысы болгон.

Жалпысынан акыйкатчы кызматына 16 талапкер ат салышты, алардын арасында белгилүү укук коргоочу Азиза Абдирасулова менен Дмитрий Кабак дагы болгон.

Добуш берүүдөгү башаламандык

Добуш берүүнүн биринчи турунан кийин «Ар-Намыс» фракциясынан депутат Дастан Бекешев өзүнүн твиттер-эккаунтуна көп сандаган бюллетендердин жараксыз болуп калышына эл өкүлдөрүнүн добуш берүү эрежелерине түшүнбөй калгандыгы себеп болгондугун жазган.

Добуш берүүнүн жол-жобосуна ылайык, парламентарийлер тизмедеги өзү каалаган бир талапкерге добуш берип, калгандарынын катарына «каршы» деген белги коюуулары керек болгон.

«Мен бир гана талапкерге добуш бердим. Калгандарынын тушуна «каршы» белгисин койгон жокмун. Анан андай бюллетендерди [добуштарды санаган комиссиянын мүчөлөрү] автоматтык түрдө жараксыз деп табышты», – деди Бекешев парламент жыйынында.

КСДП жана Акылбек Сариев

Депутат Ширин Айтматова добуш берүүнүн жыйынтыгына нааразы болуп, социал-демократтар өзүлөрү талапкер катары көрсөткөн Боршайкомдун мурунку башчысы Акылбек Сариевди колдобой койгондуктарын айтып, аларды айыптады.

«Замандаштын» талапкер катары партияга Турсунбек Акунду сунушташы, анан силер өзүңөр көрсөткөн талапкерге добуш бербегениңер бул албетте чоң театралдык шоу», – деп билдирди Айтматова жыйында.

Бекешев өз кесиптешин микроблогдук «Твиттер» платформасы аркылуу колдоду:

«Ширин Айтматова кайраттуу депутат. КСДПнын чыныгы жүзүн ачып берди. Көз жазгыруу үчүн Сариевди көрсөтүп, а чындыгында Акунду колдошту», — деп жазган Бекешев.

Акундун талапкерлигин «Ата Мекен» жана «Республика» фракциялары көрсөтүшкөн. «Ар-Намыс», «Ата-Журт» жана «Республика» акыйкатчы кызматынын ордуна депутат Турсунбай Бакир уулунун талапкерлигин алып чыгышкан.

Боршайкомдун мурунку башчысы Акылбек Сариев «Ата-Журт», «Республика» жана КСДП фракциялары тарабынан көрсөтүлгөн.

Автор: Азат Рузиев