Бишкектин мэринин кызматтан кетиши үчүн миңден ашык интернет колдонуучу добуш берди

президент dunganov

Бир сутканын ичинде эле «Фэйсбук» социалдык түйүнүнүн миңдей колдонуучусу борбордун учурдагы мэри Иса Өмүркуловго каршы добуштарын беришти. Алар мэрди эгер «добуштардын» саны 10 миңге жетсе кызматтан кетүүгө чакырып жатышат. Мэрия бул демилге «эч нерсени түшүндүрбөйт» деп эсептеп жатат.

Иса Өмүркуловдун «Эгер сүрөт 10000 жактырууну чогулта алса Иса Өмүркулов кызматынан кетет» деген жазуусу бар сүрөтү «Фэйсбукка» 22-январда жайгаштырылган. Ал алгачкы бир сутканын ичинде эле белгиленген сандын ондон бирин чогулта алды.

Сүрөт «Иса, кетсин» баракчасына жайгаштырылып «Келгиле текшерип көрөбүз!?» деген жазуу менен коштолгон.

Колдонуучулар бул сунушту энтузиазм менен кабыл алышты — мэрге каршы миңден ашык киши добуш берген, алардын 200ү сүрөттү достору менен бөлүшүшсө, дагы жүзү өз пикирлерин калтырышкан.

Бирок Бишкек мэриясынын басма сөз кызмтынын кызматкер Чынара Усупбаева Kloop.kgге берген маегинде Өмүркуловго каршы миңдей жактырууну чогулткан ал пост «эч нерсени түшүндүрбөй» тургандыгын айтты.

«Силер өзүңөр түшүнгөндөй интернетке кирүү мүмкүнчүлүгү көп кишиде бар. Бир эле адамдын он жолу добуш бербегендигинин кепилдиги кана? Чындыгында эле миң адамдын добуш бергенин кантип билебиз?» — деп суроо салды Усупбаева.

Ал мыйзам талап кылгандай, Өмүркулов 2014-жылга чейин иштээрин кошумчалады.

«Бизде мэр элдик шайлоо аркылуу тандалбайт. Мыйзамга ылайык, мэрдин талапкерлигин шаардык кеңеш бекитет. Өмүркуловдун талапкерлигин мурунку чакырылыштын депутаттары бекиткен. Анын ыйгарым укуктары төрт жыл күчүндө болот», — деп кошумчалады мэриянын басма сөз кызматынын кызматкери.

Кайрадан түрүп эсептөө «болгон эмес»

Digital Empire социалдык маркетинг агенттигинин ээси жана жаңы медиалар боюнча талдоочу Денис Бердаков добуштарды кайрадан түрүп эсептөө болгон эмес деп эсептейт.

«Талдоочу катары бааласам, кайрадан түрүп эсептөөнүн саны беш пайыздан ашпайт, бирок анын болгондугунун мүмкүндүгү да өтө аз. «Жактыргандардын» бардыгы кыргызстандыктар. Чет өлкөлөрдөн добуш бергендер да болгон, бирок алар да чет жакта жашаган кыргызстандыктар», — деди Бердаков.

Маркетинг жана социалдык медиалар боюнча консультант Светлана Марголис «Фэйсбуктан» миң жактырууну алуу «толугу менен мүмкүн» экендигин айтты.

«Толук ишенимдүү болуш үчүн жактырган профайлдардын бардыгын текшерип чыгуу керек. Бирок алардын мен көргөн алгачкы ону — реалдуу адамдар экен», — деди Марголис.

«Фэйсбуктун» өзүнүн маалыматы боюнча, анда 100 миңден ашык кыргызстандык каттоодон өткөн.

Талкууга алынган мэр

Иса Өмүркулов мэр болгон 2010-жылдан бери Кыргызстандагы интернетте эң көп талкууга алынган инсандардын бири болуп калды.

Өмүркуловдун бир нече аракети коомчулуктун терс таасирин жараткан — алсак, учурда «Иса, кетсин» баракчасынын авторлору мэр кызматынан кетиши керек деп эсептешет. Алардын пикирлеринде, анткени Өмүркулов адам өмүрүн алып кеткен унаа кырсыгына күнөөлүү деп табылган уулу Азаматка жоопкерчиликтен кутулууга жардам берген.

Ар кайсы убактарда интернет колдонуучулар Бишкектин көчөлөрүндөгү гүл отургузулган карапалар, ошондой эле жолдордун начар абалдарына нааразы болуп келишкен.

Нааразычылыктардын акыркы толкуну экс-президент Роза Отунбаеванын уулу Атай Садыбакасов өз каражатына Жаш Гвардия гүлбагына 46 чырак орнотуп, кийин «уруксат бере турган документтеринин» жоктугу жана «нормалардын сакталбагандыгынан» улам алардын алтысы мэрия тарабынан кайрадан алынгандан кийин пайда болгон.

Өз кезегинде мэрия Иса Өмүркуловдун шаардын борборуна бекер вай-фай орноткону, Ош базарынын айланасындагы жолдорду оңдогондугу сыяктуу иштерин, ошондой эле алдыда пландалып жаткан борбордун түштүк бөлүгүндөгү жолдорду оңдоо сыяктуу иштерин санап берүүдө.

Автор: Азат Рузиев