Дарыгерлер тобу боюнан түшүп, кансыраган келинге ыкчам медициналык жардам көрсөтүү үчүн Баткен облусунун Божой айылына учуп кетишти. Жабыр тарткан келинди облустук дарыканага жеткирүүгө мүмкүн болгон жалгыз унаа жолу Сох өзбек анклавы аркылуу өтөт, ал 7-январда, андагы жаңжалдан кийин жабылган.
Айылдык келиндин абалы «оор», деп билдирди өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Маматжан Бердишев Kloop.kgге берген маегинде.
«Учак оор абалдагы төрт айлык баласы боюнан түшүп, кансырап жаткан келинди алып келүү үчүн жиберилди», – деди ал.
ӨКМдин алдындагы Ыкчам жардам көрсөтүү тобунун башчысы Мухамбет Сваров кансыраган келинди айылдан Ош шаарына алып келишээрин билдирди.
«Учурда Ош шаарына кондурууну уюштуруп жатабыз, анда дарыгерлер күтүп жатышат», – деди Сваров.
Анын айтымында, учак менен жардам берүү үчүн беш дарыгер менен өкмөттүн өкүлдөрү да жиберилген.
Айылды облустун башка аймактары менен байланыштырган жападан жалгыз, Сох өзбек анклавы аркылуу өтө турган жол жабык бойдон калууда. Ал 7-январда, Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандарынын ортосундагы жаңжалдан кийин жабылган.
Кыргызстандын бийлиги анклав аркылуу өтө турган жолду Өзбекстан жаңжал учурунда жабыр тарткан кыргызстандыктардын чыгымдарын калыбына келтиргенден кийин гана ача тургандыгын билдирүүдө.
Учурда Кыргызстан анклавды айланып өтчү жолдун курулушу менен алектенип жатат, бирок азырынча ишке бериле элек – 14 чакырымдык жолдун 11 чакырымынын абалы«жакшы».
«11-чакырымына чейин жол жакшы, а андан ары көйгөйлөр бар. Калганы тоо аркылуу өтөт, ошондуктан жардыруу иштери жүрүп жатат. Эгер өтө зарыл болсо жашоочулар ал жол аркылуу өтө алышат» - деген Бердишев Kloop.kgге берген маегинде.
Ал өтө зарыл болсо жолду пайдаланса болоорун кошумчалаган. Куткаруучулар аны Сох анлавы аркылуу өтө турган жолдун жабылышынан улам камалып калган жашоочуларга гуманитардык жардам жеркирүү үчүн пайдаланып жатышат.
Автор: Нуржамал Жаныбекова