Өзбекстан кыргызстандыктар үчүн темир жол өтмөктөрүнүн бир бөлүгүн жапты

президент dunganov

21-январда Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасындагы төрт темир жол өтмөгү жабылды. Коңшу өлкө өтмөктөрдү кыргыз тарап жапты деп билдирип жатат. Кыргызстандын Чек ара кызматы ал маалыматты четке кагууда. Сурамжыланган саясий серепчилер муну Сохтогу жаңжал менен байланыштырып жатышат.

Чектөөлөр Ош облусундагы «Кара-Суу», Баткен облусундагы «Кызыл-Кия», Жалал-Абад облусундагы «Жалал-Абад» жана«Шамалды-Сай» темир жол өтмөктөрүндө киргизилди, деп билдирди Кыргызстандын Чек ара кызматы.

Мекемеден өзбек чек арачыларына шилтеме жасап билдиришкендей, «Кара-Суу» өтмөгүнүн жабылуусу тепловоздун техникалык бузулуусуна байланыштуу.

«Өзбек тарап калган темир жол өтмөктөрүнүн жабылышынын себептери тууралуу маалымат берген жок», – деп жазылган Кыргызстандын Чек ара кызматынын билдирүүсүндө.

Аты-жөнүн билдиргиси келбеген Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын алдындагы Мамлекеттик чек араны сактоо боюнча комитетинин кызматкери Kloop.kgге берген маегинде темир жол өтмөктөрүн Кыргызстан тарап жапкандыгын билдирди.

Бул маалыматты Кыргызстандын Чек ара аскерлигинин басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева четке какты.

Ал мекеменин билдирүүсүндө жазылгандай эле чек араны өзбек тарап жапкандыгын айтты.

Өзбекстан өткөн аптада эле эч кандай болжолдуу макулдашууларсыз эле Кыргызстан менен болгон чек арасынын бир бөлүгүн жапкан. Анда Ош облусундагы «Достук-автодорожный», Жалал-Абад облусундагы «Маданият-автодорожный» жана «Кенсай-автодорожный» өтмөктөрүндө чектөөлөр киргизилген.

Kloop.kg тарабынан сурамжыланган саясий серепчилер темир жол өтмөктөрүнүн жабылышын Сох өзбек анклавындагы жаңжал менен байланыштырып жатышат.

Саясий серепчи Марат Казакпаев унаа жана темир жол өтмөктөрү эки өлкөдөгү абалдын турукташы үчүн жабылды деп эсептейт.

Саясат тармагы боюнча талдоочу Марс Сариев Казакпаевдин пикири менен макул.

«Учурда Сох курчоодо, бул Ош, Жалал-Абад жана башка облустарда жайгашкан башка объектилерге таасирин тийгизүүдө. Өзбекстан абалдын курчуп кетишинен чочулап жатат», – деп эсептейт Сариев.

Ал аталган чек ара өтмөктөрү Сохтогу абалдын жөнгө салынышы менен ачылат деп болжолдоду.

Сох өзбек анклавындагы жаңжал 6-январь күнү башталган. Анда Өзбекстандын жарандары Сох анклавы менен кыргыз чек арасындагы жаңы заставага электр тогун жеткирүүгө каршы чыгышкан. Жаңжалдын жүрүшүндө Хушяр өзбек айылынын жашоочулары 30 кыргызстандыкты барымтага алып, аларды дээрлик бир суткадай жер төлөөдө кармашкан.

Учурда Баткен облусунун жергиликтүү бийлиги аймактагы абалды «туруктуу» деп баалап жатышат. Бирок анклавдын айланасындагы чек ара эки өлкөнүн жарандары үчүн тең жабык бойдон калууда. Кыргызстан Сох анклавын айланып өтө турган унаа жолунун курулушун аяктап калды.

Автор: Мария Гребнева