«Ата-Журттун» лидерлеринин баш коргоо чарасы 25-январда белгилүү болот

IMG_0064_

 «Ата-Журттун» лидерлери Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдордун жактоочулары соттон депутаттарды тергөө абагынан үй камагына чыгарууну өтүнүштү. Парламентарийлер «бийликти күч колдонуп басып алууга аракет кылышкан» деп айыпталып жатышат.

«Ата-Журттун» лидерлеринин баш коргоо чарасын өзгөртүү чечими 25-январда чыгарылат, деди судья Адылбек Субанкулов.

Учурда «бийликти басып алууга аракет кылган» деп айыпталып жаткан депутаттар Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында камакта.

Парламентарийлердин жактоочулары депутаттарга баш коргоо чара катары үй камагы бекитилишин каалап жатышат.

Жактоочулар эл өкүлдөрүнүн үй камагына чыгарылышы керектигинин себептери катары кылмыш ишинин «мыйзамсыз» козголгондугун, Ташиев менен Мамытовдун ден соолуктарынын начардыгын, ошондой эле сурак учурунда процессуалдык нормалардын бузулушун айтып жатышат.

Мамлекеттик айыптоочулар айыпталып жаткандарды үй камагына чыгарууга каршы, алар депутаттарды бошотуунун  «зарылчылыгы жок» деп эсептешүүдө.

Парламенттин вице-спикери Бөдөш Мамырова, экс-прокурор Азимбек Бекназаров жана сот жыйынында кесиптештерин жактап чыккан дагы беш депутат карама-каршы пикирде.

Оппозиялык «Ата-Журт» партиясынын лидерлери 3-октябрдагы «Кумтөрдү» улутташтыруу маселеси боюнча өткөн митинг маалында «бийликти күч колдонуп басып алууга аракет кылышкан» жана «бийликтин басып алууга үндөгөн» деп айыпталып жатышат.

Нааразычылык акциясынын жүрүшүндө митингтин катышуучуларынын бир бөлүгү парламент имаратын курчап турган тосмодон ашып өтүшкөн, бирок алар милиция тарабынан сүрүлүп чыгарылган.

Автор: Александра Ли