Революцияда курман болгондордун туугандары Дунгановдун тергөө абагынан чыгарылышына каршы болууда

IMG_0064_

24-январда 200дөн ашык киши Мамлекеттик күзөт кызматынын башчысынын мурунку орун басары Данияр Дунгановдун кайрадан тергөө абагына камалышын талап кылып парламент имаратынын алдына митингке чыгышты. Аскердик сот революция күнү демонстранттарга каршы ок аткан деп айыпталып жаткан Дунгановду ден соолугуна байланыштуу тергөө абагынан чыгарган.

2010-жылдагы революцияда курман болгондордун туугандары Мамлекеттик күзөт кызматынын башчысынын мурунку орун басары Данияр Дунганов үй камагына «туура эмес» чыгарылган деп эсептеп жатышат.

«Эмнеге бошотуп жатышат? Бул чоң суроо. Демек ал жерде коррупциялык схемалар иштеп жатат», — деди митингтин катышуучусу Рыспек Абакиров Kloop.kgге берген маегинде.

Алар Дунгановдун кайрадан Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына камалышын талап кылып жатышат. Буга чейин Күзөт кызматынын башчысынын орун басары аталган тергөө абагында эки жарым жыл камакта жаткан.

Аскердик сот Дунгановду 21-январда, аны текшерген дарыгерлер айыпталуучунун дартын «мээ атеросклерозу» экендигин аныкташкандан кийин үй камагына чыгарган.

«Дунганов катуу ооруп жаткандыктан анын баш коргоо чарасы өзгөртүлсүн. Ошондой эле Дунганов качып кетет деп болжолдоого эч негиз жок, анткени ал тергөө менен кызматташып жатат. Дунгановдун мындар ары камакта болуусу анын өмүрүнө коркунуч алып келет», — деп билдирген судья.

Дарыгерлер айыпталып жаткан Мамлекеттик күзөт кызматынын башчысынын мурунку орун басары «оор абалда», эгер аны убагында ооруканага жаткырбаса өлүп калышы мүмкүн деп билдиришкен.

Атеросклероз

Дарыгерлердин буга чейин билдиргендери боюнча, Дунганов мээ атеросклерозу менен жабыркайт жана ага операция талап кылынат.

«Оорулууга дароо эле операция жасоого болбойт. Мен адис катары айтып жатам, алгач аны операцияга даярдаш керек. Биринчи кезекте ооруканага жаткыруу керек», — деген Республикалык Кан тамырлар хирургиясы борборунун директору Мамбетакун Намазбеков сот жыйынында.

Дунгановдун үй камагына бошотулушуна Ысык-Көл облусунун Тоң жана Жети-Өгүз райондорунун эки миң жашоочусунун кепилдиги жана анын «жакшы» аброю кошумча негиз болуп берген.

Ошондой эле ал үчүн парламенттин бир нече депутаты да кепилдиктерин беришкен.

Дунганов 80ден ашык адам курман болгон 2010-жылдагы апрель революциясында жетекчиси Жаныш Бакиевдин митинг катышуучуларына каршы ок атуу боюнча берген буйругун аткарган деп айыпталып жатат.

Бирок Мамлекеттик күзөт кызматынын башчысынын мурунку орун басары анын дарегине айтылган айыптоолордун бардыгын четке кагып жатат.

Ал өзүнүн 16-январдагы көрсөтмөсүндө митингтин катышуучуларына каршы ок атуу буйругун бербегендигин, жөн гана жетекчиси Жаныш Бакиевдин талаптарын аткаргандыгын билдирген.

Автор: Эльдияр Арыкбаев