Сохтогу жаңжалдан улам бүлгүнгө учураган суу түтүгү калыбына келтирилди

IMG_0064_

Өзбекстан Сох анклавындагы жаңжал маалында бузулуп калган Кыргызстандын Баткен облусунун Чарбак айылындагы суу түтүктөрүн калыбына келтирди. Суу тутүктөрүнүн системасы Өзбекстандын аймагы аркылуу өткөндүктөр айылдын кээ бир жашоочулары ал сууну ичүүдөн баш тартып жатышат.

Суу түтүктөр үч күн мурун калыбына келтирилген, деп билдирди өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Сейитжан Эратов.

«Бузулган суу түтүктөрүн өзбек тарап өзүлөрү оңдоду, анан жашоочуларга үч күн мурун суу бергенбиз», – деди ал.

Эратовдун айтымында, суу түтүктөрү Өзбекстандын аймагы аркылуу келгендиктен айылдын бир катар жашоочулары андагы сууну пайдалануудан баш тартып, унаа менен жеткирилген сууларды гана ичип жатышат.

«Алар [Чарбак айылынын жашоочулары] мындан ары ал суу түтүгүн пайдаланууну каалабай жатышат, эл Өзбекстандын аймагы аркылуу эмес, биздин аймак аркылуу өткөн көз карандысыз суу түтүгүн куруп берүүбүздү каалап жатат», – деди Эратов.

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы Маматжан Бердишев суу түтүгүнүн оңдолгонун ырастады. Айтымында, бирок суу дагы деле бериле элек.

«Сууну кое беришкен жок. Эмнеге экенин билбейм, акимден сураш керек», – деди Бердишев.

Ал буга чейин суу айылга унаалар менен жеткирилип тургандыгын кошумчалады.

Kloop.kg Чарбак айылынын жашоочулары менен байланыша алган жок.

Чарбак айылындагы суу түтүк 6-январда, Сох өзбек айылындагы жаңжал маалында бузулган. Ал Хушяр өзбек айылынын жашоочулары менен кыргыз чек арачыларынын ортосундагы кагылыштан улам башталган.

Жаңжалдан кийин 30 кыргызстандык барымтага алынган, алар бир суткадан ашык убакыт туткунда болуп, тараптардын сүйлөшүүлөрүнөн кийин өзбек милициясынын жардамы менен бошотулушкан.

Автор: Нуржамал Жаныбекова

Сүрөт «Азаттык» радиосунун сайтынан алынды